Абдыгулов үч жыл бою баасы кармалган доллар бир күндө өсүп кеткенин түшүндүрдү

© Sputnik / Эмиль СадыровУлуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов
Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-март күнү түштөн кийин Бишкекте доллардын баасы кескин жогорулап кетти. Бул боюнча Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 11-мартта, маалымат жыйын куруп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов курсу жогорулап кеткен доллар боюнча маалымат жыйын куруп жатканда, журналисттер үч жылдан бери баасы кармалып турган доллардын бир күндө өсүп кетишине эмне себеп болгонун сурашты.

Буга жооп берип жатып Абдыгулов Кыргызстанда валютанын баасын рынок аныктай турганын эске салды.

"Үч жыл бою соода өнөктөштөрдүн абалы туруктуу болду. Бирок бул жолку кырдаал башкача, коронавирус көйгөйү жаралды, АКШнын федералдык резервдик системасынын коюму төмөндөдү, ошондой эле өнүгүп жаткан өлкөлөрдөн өнүккөн өлкөлөргө акча агылып жатат. Доллардын өсүшүнө ушунун баары таасир этти", — деди Абдыгулов.

Эске салсак, кечээ, 10-март күнү, түштөн кийин Бишкекте доллардын баасы кескин жогорулап кетти. Бул боюнча Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 11-мартта, маалымат жыйын куруп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0