Нарынга быйыл жаз эрте келет. Дыйкандарга картошка аянтын көбөйтүү сунушталды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКартошканы сактоо склады. Архив
Картошканы сактоо склады. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын облусу боюнча 5 200 гектар жерге картошка айдалмакчы. Жазгы талаа жумуштары өткөн жылдарга салыштырмалуу 10 күнгө эрте башталышы мүмкүн деп айтылды.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Коронавирус дүйнө өлкөлөрүнө тез таралып, коркунуч жаратып жаткандыктан Нарын облусунда азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу максатында дан эгиндери жана картошканын айдоо аянтын көбөйтүүгө дыйкандарга сунуш берилүүдө. Мындай чечим Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен берилген тапшырманын негизинде өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан кабыл алынган.

Бишкектеги көчөт саткан жайлар  - Sputnik Кыргызстан
Жашылдандыралы! Бишкектеги көчөт саткан жайлар жана өсүмдүктөрдүн баасы
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси Табылды Жумагуловдун айтымында, быйыл аталган аймак боюнча 38 миң гектар жер аянтын айдоо мерчемделген. Мунун 23 000ге жакын гектарына дан өсүмдүктөрү, 5 200 гектарына картошка айдалат.

Быйыл айдап-себүү иштери да жылдагыдан эрте баштала турганын айтышууда.

"Быйыл Нарын облусунун аймагында жазгы айдап-себүү иштери күндүн эртелеп жылып баштаганына байланыштуу өткөн жылдарга салыштырмалуу 10 күнгө эрте башталышы мүмкүн. Буга байланыштуу даярдык иштери да ыкчамдатылган тартипте жүргүзүлүп жатат. Бирок айдоо иштерин аба ырайынын жагдайына карап баштайбыз", — деди Жумагулов.

Учурда техникаларды оңдоо, насостук станцияларды ремонттон өткөрүү жана керектүү үрөндөрдү топтоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0