Товардык поезд. Архив

Кыргызстан импорттук сырьёну ташуунун башка жолдорун издеп жатат

147
(жаңыланган 23:17 12.03.2020)
Азыркы тапта жүктөрдү убактылуу сактоо кампалары жабык. Чек арада медициналык жана чек ара кызматкерлеринен башка эч ким жок.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Өндүрүштүн токтоп калуусуна жол бербөө максатында өлкөгө импорттук сырьёну ташуу жолун табуу керек. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев коронавируска байланыштуу өткөн республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтты.

  • Вице-премьер-министр КР Эркин Асрандиев на очередном заседании Республиканского штаба по реализации мер, направленных на минимизацию влияния последствий от распространения коронавируса на экономическую ситуацию страны
    Өндүрүштүн токтоп калуусуна жол бербөө максатында өлкөгө импорттук сырьену ташуу жолун табуу керек. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев коронавируска байланыштуу өткөн республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтты.
    © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • Вице-премьер-министр КР Эркин Асрандиев на очередном заседании Республиканского штаба по реализации мер, направленных на минимизацию влияния последствий от распространения коронавируса на экономическую ситуацию страны
    Ал калк керектеген товарларды ташуу үчүн бир дагы мамлекет чек араны жаппаганын айтты.
    © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
1 / 2
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Өндүрүштүн токтоп калуусуна жол бербөө максатында өлкөгө импорттук сырьену ташуу жолун табуу керек. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев коронавируска байланыштуу өткөн республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтты.

Ал калк керектеген товарларды ташуу үчүн бир дагы мамлекет чек араны жаппаганын айтты. Бирок жүк ташуучу унаа айдоочуларынын чек арадан өтүү алгоритмине байланыштуу жүк ташуу агымы токтоп калганын белгиледи.

"Мамлекеттик чек арадан өткөндө ар бир адам келген өлкөсүндө 14 күндүк карантинге алынышы керек. Бул өтө узак процесс. Мындан жарандардын коопсуздугу көз каранды болгондуктан, алгоритмди жеңилдетип же аткарбай коюуга болбойт. Маселени чечүү үчүн башка жолдорун табуу керек", — деди вице-премьер.

Азыркы тапта жүктөрдү убактылуу сактоо кампалары жабык. Чек арада медициналык жана чек ара кызматкерлеринен башка эч ким жок. Жыйындын жүрүшүндө Асрандиев Экономика министрлигине товар ташууга жөндөмдүү альтернативдик өлкөлөрдү издөөнү улантуу тапшырмасын берди.

"Импорттоочулар жана жүк ташуучулар менен жолугушууларды өткөрүп, бул маселе боюнча алардын сунуштарын угуу керек. Алсак, темир жол ташуулары мурдагы график боюнча иш алып барууда. Балким, импорттоочулар азырынча ушул жол аркылуу өз товарларын жеткирип турушар. Бүгүнкү күндө өндүрүүчүлөр белгилешкендей сырьё жетиштүү, бирок эртеңки күндү ойлошубуз керек. Ошондуктан бардык тараптарды угуп, туура чечим кабыл алышыбыз зарыл", — деди вице-премьер.

Ал Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жарыяланган пандемияга байланыштуу жүк ташуулардын алгоритмине киргизилиши мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү карап чыгуу керектигин айтты.

147
Белгилер:
жыйын, коронавирус, экономика, импорт, жүк
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1464)
Тема боюнча
Абдыгулов үч жыл бою баасы кармалган доллар бир күндө өсүп кеткенин түшүндүрдү
Нарынга быйыл жаз эрте келет. Дыйкандарга картошка аянтын көбөйтүү сунушталды
Россиядагы Калининград шаарында мигранттар. Архив

Жогоруладыбы же түштүбү? COVID-19дун Россиядан которулган акчага таасири

188
(жаңыланган 02:05 30.05.2020)
Акча которуу системасы эл аралык агымдын көлөмү бул жазда азайып кеткендигин көрсөттү. Россиядан жакынкы чет өлкөлөргө жасалган которуулар апрелде кээ бир компанияларда 50 пайызга ылдыйлаган.

Мында көрсөткүчтөр көптөгөн эмгек мигранттары пандемиядан улам мекенине кайтып же Россияда ишсиз калганы менен байланыштуу болду. Sputnik учурда акча которуу рыногунда эмне болуп жатканына көз салып, кийинкиге божомол кылып көрдү.

Апрелдеги которуулар жарымына чейин азайды

Апрель айында рынокто Россиядан жакынкы мамлекеттерге жасалган эл аралык которуулар кадимкидей түштү. Эгерде мартта төмөндөө 5-10 пайыз (2019-жылдын март айына караганда) болсо, апрелде 50 пайызга жетти. Бул маалыматты "Золотая корона – Денежные переводы" кызматынын директору Иван Ситнов айтып берген. Азыр майдагы көрсөткүч 25-30 пайызда турат.

Денежные переводы в страны СНГ в 2019 году
© Sputnik
КМШ өлкөлөрүнө акча которуулар

Мындай абал "Юнистримде" да байкалган. Sputnik агенттигине Эл аралык которуулар кызматынын президенти Ксения Чернышева апрелде мартка караганда 34 пайызга түшкөндүгүн айтып берген. Майда апрелге карата 10 пайызга төмөндөө боолголонуп жатат.

Аналитик группы компаний Финам Алексей Коренев
"Финам" компаниясынын серепчиси Алексей Коренев
"Россиядан жакынкы мамлекеттерге которулган акчалардын көп бөлүгү мигранттардын мекенине, үй-бүлөсүнө жиберген каражаты. Мартта абал мынчалык курч болгон эмес, бир катар ишканалар иштеп жаткан. Апрелде алар токтоп калды. Көбү мекенине кайтканга мажбур болду же кырдаалдын жакшырышын күтүп отуруп калды. Тагыраагы, үйүнө жибергенге эч нерсеси калган жок", — деген "Финам" компаниялар тобунун серепчиси Алексей Коренев жаздагы которуулар көлөмүнө байкоо салып.

Western Union кызматынан апрелде мартка караганда которуулардын көлөмү азайганын айтышкан.

КМШ өлкөлөрүнүн экономикасына урулган сокку

Директор системы Золотая Корона – Денежные переводы Иван Ситнов на VI ежегодной церемонии вручения премии Банк года по версии портала banki.ru в Lotte Hotel Moscow.
© Sputnik / Валерий Левитин
"Золотая корона – Денежные переводы" кызматынын директору Иван Ситнов
"КМШ өлкөлөрүнүн көп бөлүгүнө Россиядан түшкөн акча – бюджетти кадимкидей эле толтурган каражат. Бул валюта андан аркы тышкы соода операцияларын жасоого көмөкчү болот. Андыктан ачка которуу Кыргызстан жана Тажикстан үчүн зор роль ойнойт. Алар үчүн күткөн акчанын түшпөй калышы чоң эле сокку", — деген Ситнов.

Тармактарды жандандырууга эмне жардам берет?

Иван Ситновдун пикирине караганда, акча которуу рыногунун кайра калыбына келишине эки фактор таасир этет. Алар — жеке адамдарды тейлеген жайлардын ачылышы жана эл аралык аба каттамдарынын иштеши.

"Биз май айында Москвада бир катар чектөөлөр алына тургандыгын көрүп турабыз. Бир катар пункттар иштеп, аз болсо да өсүү байкалды. Ал эми чек араларга келсек, эл Россияга акча тапканга учуп келе турган маалда жабылып калды. Чек ара кандай ачылары менен абал жакшырат. Бул Россияга иштөө үчүн эл учуп келгенде болот. Бирок мунун качан болорун билбейбиз. Балким, бир ай, балким, эки ай кетет. Алдын алып айтуу кыйын. Бардыгы коронавирустан улам абалга байланыштуу болот", — деп эсептейт "Золотая корона" кызматынын өкүлү.

Алексей Коренев болсо төмөнкүчө айтты.

"Азыр курулуш, жолдорду оңдоо иштерин башташат. Иштей турган кишилер керек, муктаждык болгон соң мигранттар Россияга кайрадан келет. Маселе башкада – эмгек рыногу өзгөрүшү мүмкүн", — деген аналитик.

Ал дагы бир пикири менен бөлүшкөн.

Эгерде пандемияга чейин Россиянын жарандарынын арасынан кара жумушка байланышкан, ачык абада, эшикте иштеген иштерге кызыгуу анчалык жаралбай мигранттарга тийсе, эми башкача болот. Келгендер атаандаштыкка кабылып, россиялыктар да ал иштерге, тагыраагы, мигранттардын жумушуна ыктай баштайт.

КМШнын экономикалык ишкер өнүгүү борборунун башкы директору Владимир Савченко да акча которуу өнөр жай активдүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейт. Анын пикиринде, эгерде баары ойдогудай болсо, эки-үч айдан кийин калыбына келе баштайт.

188
Белгилер:
орун, иш, атаандаштык, Акча которуулар, коронавирус, Мигрант, Россия
Тема боюнча
Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт
Асрандиев: КМШ аймагында жүктү тоскоолдуксуз ташууга шарт түзүшүбүз керек
Май куйуучу жай. Архив

Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт

730
Салык кызматы автомай куйган бекеттердин ээлерине 1-июлга чейин бири калбай талап кылынган системаны орнотуп бүтүшү керектигин эскертти.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Ушул жылдын 1-июлунан тарта өлкөдөгү бардык май куюучу бекеттер толугу менен башкаруунун автоматташтырылган системасын колдонуп башташы керек. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Салык кызматы күйүүчү май куюучу жайлардын (анын ичинде автогаз куюучу жана газ толтуруучу компрессордук станциялардын) ээлерине 1-июлга чейин бири калбай аталган системаны орнотуп бүтүшү керектигин эскертти.

Автоматташтырылган электрондук системанын өзгөчөлүгү — кардар көзөмөлдүк-кассалык машинадан төлөнгөн суммага кассалык чек албай туруп май куя албайт. Чек албаса, станциянын май куюу колонкасы иштебейт. Система бул жайлардын бензинди берүү учурун Салык кызматынын серверине да көрсөтүп турат.

Май куйган автобекеттерге коюлган талаптар өкмөттүн токтомуна ылайык ишке ашууда.

Ага ылайык, күйүүчү майды мунай заттарынын базасына же резервуарына ээлик кылган жактарга гана дүңүнөн сатууга мүмкүн болот.

730
Белгилер:
текшерүү, система, май куюучу бекет, Мамлекеттик салык кызматы
Тема боюнча
Дизель майы менен бензин 3 сомго арзандады
Ошко 30-майда Урал авиакаттамдары авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди.

Ошко Екатеринбургдан 233 кыргызстандык кайтып келди

0
(жаңыланган 21:15 30.05.2020)
Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ошко 30-майда "Урал авиакаттамдары" авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматта авиакаттам дүйнөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын убактылуу жабылышынан улам чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды.

"Бул каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдети барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле "Урал авиакаттамдары" компаниясынан мурда билет сатып алгандар кирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

0
Белгилер:
эпидемия, коронавирус, мекендештер, каттам, Кыргызстан, Ош, Екатеринбург
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1464)
Тема боюнча
Бишкекке Филиппин жана Түштүк Кореядан 58 жаран кайтып келди