БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Казакстанда өзгөчө кырдаал жарыяланганына карабастан кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуу токтобойт. Мындай макулдашууга эки өлкөнүн премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Аскар Мамин келгенин кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.
Премьерлер бүгүн кечке маал телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.
“Баарлашуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу маселелери менен бирге коронавируска байланыштуу абал талкууланды. Өкмөт башчылар кыргыз-казак чек арасынан жүк ташууну токтотпоо боюнча макулдашышты”, — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, бүгүн Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны сегиз кишиге жетти. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Өлкөдө бир айга чейин деп өзгөчө кырдаал жарыяланган.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Баткен облусунун 19 айыл аймагы социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү үчүн каржылык колдоого ээ болот. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Каржылоонун алкагында тандалган ар бир айыл аймакка берилүүчү ар бир субгрант орточо 100 миң долларды түзөт.Кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосунда "CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо" долбоору үчүн 21,0 миллион доллар кошумча каржылоо боюнча макулдашылган. Айылдарга жардам ушул макулдашуунун алкагында берилмекчи.
"Долбоор экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү арттыртууга жана айылдарда алгачкы медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталат. Ошондой эле калктын аяр катмарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. COVID-19 пандемиясынан улам пайда болгон тобокелдикти азайтууга, айылдын инфратүзүмдөрүн жакшыртууга жардам берет. Анын катарында алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пунктуларына же суу менен камсыз кылуу, санитария жана гигиена менен байланышкан муктаждыктарга көмөк көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта.
Ага кошумча, айыл чарба өндүрүшү жана кайра иштетүү, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр, элдик чеберчилик жана тигүү буюмдарын өндүрүү, санариптештирүү жаатында жаштарды жана аялдарды колдой тургандыгы айтылды.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөттөр аралык жыйыны жана Almaty Digital Forum-2021 форуму өтөт. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чаралар Казакстандын Алматы шаарында боло турганы айтылды.
Санариптик форумдун пленардык жыйынына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, ЕАЭБге байкоочу мамлекеттер жана Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда -4…-9, Таласта -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…-5, Ысык-Көл жергесинде -2…-7, Нарын өрөөнүндө -8…-13 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -5…-7, Ош шаарында -2…-4 градус болот.