БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Өткөн жуманын акыркы күндөрүнө салыштырмалуу валюта рыногундагы абал анчалык өзгөргөн жок.
Доллар жалпысынан мурдагы эле баасында кармалып турат. Акча алмаштыруу жайларында сатып алуу 72.81 сом болсо, сатуу 73 сом. Евро бир аз арзандады — сатып алуу 80.18, сатуу 81.20 сом. Рубль сомго карата бир деңгээлде кармалып турат (сатып алуу 0.992, сатуу 1.018 сом).
Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты уютмадан турат, салмагы бирден тарта 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 килограмм алтын соодаланган.
Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатпастан, аны сатып да алат. Бааны Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки маалыматына карата күн сайын коюп турат.