Өкмөт башчы: Казакстан менен бизнес кылууда көйгөй жаралбайт

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКазаскатн-Кыргызстан чек арасы
Казаскатн-Кыргызстан чек арасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстанда өзгөчө кырдаал жарыяланып, чек арадан кирип-чыгууга чектөөлөр киргизилген. Абылгазиев бул эки өлкөнүн экономикасына кандай таасир берерин айтып берди.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасы товар жүгүртүү жана бизнес үчүн ачык болот. Бул туурасында брифинг учурунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, Казакстанда өзгөчө кырдаал жарыяланып, чек арадан кирип-чыгууга чектөөлөр киргизилди. Аталган мамлекетте тогуз кишиден коронавирус аныкталган.

Абылгазиев Казакстандан келгендер текшериле турганын, бул белгилүү бир убакытты аларын билдирди.

"Ооба, ыңгайсыздыктар болот, ошого байланыштуу жарандарды түшүнүү менен мамиле кылуусун өтүнөбүз. Казакстанда биздин 60 миң жаран иштейт. Мен ал жактын премьер-министри менен сүйлөштүм. Жарандарды чек арада карантинге алуу көзөмөлү күчөтүлөт. Бирок бизнеске кедергисин тийгизбейт. Эки өлкөнүн экономикасы тыгыз байланышта", — деди Абылгазиев.

Ал ошондой эле Өзбекстан менен да мындай чектөөлөр болбойт деп ишенерин кошумчалаган. Коңшу мамлекетте төрт киши вируска чалдыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0