Казак теңгесинин курсу түштү. Бир доллар 440тан сатылууда

© Sputnik / Абзал КалиевСильное падение курса тенге в Казахстане
Сильное падение курса тенге в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттердин айтымында, теңгенин түшүшүнө өлкөгө өзгөчө кырдаалдын киргизилиши жана теңгенин рынокто баасынын эркин болушу себеп.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Алмаштыруу бюролорунда доллар 440 теңгеден сатылып жатканын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Казакстандын фондулук биржасына (KASE) жасалган биринчи келишимде доллар 435,09 теңге болсо, андан кийин дагы эки келишимде доллардын баалары 436,05 жана 438 теңге болгон.

Курс валют тенге в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда теңгенин курсун бекемдеш үчүн базалык коюм кескин жогорулады
Казакстандын улуттук валютасынын расмий курсу америкалык долларга карата 16-мартта 405,46 теңгени түзөт.

Бүгүн саат 12:38деги маалыматта Алматыдагы төрт акча алмаштыруу жайында доллар 440 теңгеден сатылып жатканы айтылган. Анткен менен борбор калаанын алмаштыруу пунктуларында америкалык валютаны сатып алуу мүмкүн болбой жатат.

Саат 13:35де KASE сайтында доллардын курсу тууралуу маалымат жок экендиги белгилүү болду.

Kurs.kz порталында сатуу жана сатып алуулар көрсөтүлгөн эмес, бирок бир банкта сатып алуу 415 теңге болсо, сатуу 440 теңге экендиги жазылган.

Эксперттердин айтымында, теңгенин түшүшүнө өлкөгө өзгөчө кырдаалдын киргизилиши жана теңгенин рынокто баасынын эркин болушу себеп.

Жаңылыктар түрмөгү
0