Коронавирус өлкө казынасына кедергисин тийгиздиби? Жээнбековдун тапшырмасы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков принял министра финансов Бактыгуль Жеенбаеву
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра финансов Бактыгуль Жеенбаеву - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каржы министри күтүлгөн тобокелчиликтерден улам бул жылы республикалык бюджеттин 85 пайызы гана аткарылышы мүмкүн экенин айтты.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алып, акчаны үнөмдүү пайдаланууну тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевФинансы министри Бактыгүл Жээнбаева
Коронавирус өлкө казынасына кедергисин тийгиздиби? Жээнбековдун тапшырмасы - Sputnik Кыргызстан
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева

Жолугушууда министр күтүлгөн тобокелчиликтерден улам бул жылы республикалык бюджеттин 85 пайызы гана аткарылышы мүмкүн экенин айтты. 2020-жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгында бюджеттин 96 пайызы аткарылган.

Жээнбаеванын билдиргени боюнча, өлкө казынасын колдоо үчүн Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду жана башка эл аралык каржы институттары менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

"Мамлекет башчы дүйнөдө коронавирустун жайылып жаткандыгына байланыштуу өлкө кооптуулукка даяр болушу керектигин баса белгиледи. Кырдаал дүйнө жүзүндө турукташканга чейин республикалык бюджеттин чыгымдарын үнөмдөө режимине өтүү зарылдыгына токтолду. Бардык мамлекеттик мекемелер артыкчылык берилбеген чыгымын азайтышы керектигин айтты", — деп жазылат маалыматта.

Профилактическая беседа с молодежью в одном из ночных клубов Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда түнкү клуб, кинотеатр, компьютердик клубдар жабылды
Үнөмдөө өлкөнү санарипке өткөрүү, соттук-укуктук реформа, укук коргоо органдарын, анын ичинде жол жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуучу органдарды реформалоо, авариялык мектептерди оңдоп-түзөөнүн алкагындагы иш-чараларга тийиштүү болбойт.

Жээнбеков эмгек акы, жөлөк пул, пенсия жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча социалдык милдеттенмелер убагында аткарылышы керектигин баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0