Казакстан менен Өзбекстан транзиттик жүктү гана өткөрүп жатат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОткрытие движения по Крымскому мосту для грузовиков
Открытие движения по Крымскому мосту для грузовиков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары сүйлөшүп, жүк ташууда маселе жаралбай турганы кабарланган.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Казакстан менен Өзбекстан чек арасынан Кыргызстандан чыккан транзиттик жүктөрдү гана өткөрүп жатат. Бул тууралуу Коронавирустун өлкө экономикасына тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтуу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды.

Жыйында Чек ара кызматы коңшу өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына жүк ташып кирүүдө эч кандай маселе жок экенин билдирген. Бирок Казакстан менен Өзбекстанга багыт алган жүктөрдү кошуна өлкөлөр кабыл албай жатат.

"Бул чаралардын кабыл алынышынын себебин түшүнүп жатабыз. Ошол эле учурда казак жана өзбек тарап менен биздин жүк ташуучулардын товарларын өткөрүү зарылдыгын белгилеп, сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мындан атамекендик экспорттун өнүгүшү көз каранды. Анын үстүнө биздин өлкөдө коронавирус катталган бир да учур жок", — деди вице-премьер Эркин Асрандиев.

Контрольно пропускной пункт на границе с Казахстаном  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга четөлкөлүк жарандардын киришине тыюу салуу сунушталды
Учурда тараптар тигил же бул өлкөгө жүк ташып баруу же алып келүүнүн бирдиктүү алгоритмин иштеп чыгууда.

Буга чейин Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки өлкө ортосунда жүк ташуу токтобой турганын билдирген өкмөт. Өзбекстан дагы ушундай эле позицияны карманарын айткан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0