Кыргызстанда доллар тартыш болуп жатабы? Бир катар банктар сатпай жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги валюталардын курстары
Бишкектеги валюталардын курстары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда долларды 72,9 сомдон сатып алып, 73 сомдон сатып жатышат. 10-март күнү доллар дароо кымбаттап кеткенден тарта Улуттук банк валюта рыногуна үч ирет АКШ акчасын "чыгарды". Ошондон берки интервенциянын жалпы көлөмү 110 миллион доллар болду.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстанда бир катар банктарда доллар сатып алуу боюнча көйгөй жаралды. Мындай бүтүмгө банктардын өзүнө телефон чалып көргөндөн кийин келдик.

Портогу нефть менен цистерна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай россиялык газдын да баасын түшүрөбү? Серепчинин ой толгоосу
Мисалы, банктардын биринен 1 миң доллардан ашык сата албасын айтышты. Башкасы эртең менен ажиотаж болгонун, азыр башка кеңседе дагы, филиалдарда дагы доллар жок экенин билдирди.

Ал эми үчүнчү банк доллар сатуу боюнча эч кандай чектөөлөр жок экенин, бирок дал биз кайрылган учурда АКШ акчасы жок болуп калышы мүмкүн деди.

Төртүнчү банк азыр жашыл акча жоктугун, бирок саат 14.00дөн кийин болушу мүмкүн экенин билдирди.

Учурда долларды 72,9 сомдон сатып алып, 73 сомдон сатып жатышат. 10-март күнү доллар дароо кымбаттап кеткенден тарта Улуттук банк валюта рыногуна үч ирет АКШ акчасын "чыгарды". Ошондон берки интервенциянын жалпы көлөмү 110 миллион доллар болду.

Россия менен Казакстандагы абал

Рублдин курсу жакында эле нефтиге болгон баанын түшүшүнөн улам арзандап кетти. ОПЕК+ өлкөлөрүнүн сүйлөшүүлөрү оңунан чыкпай, Brent жана WTI маркаларынын күйүүчү майларынын баасы 30 пайызга чейин төмөндөгөн.

Россиянын банктарында доллар алуу 78,7, сатуу 82,3 рублден болууда. Ал эми Казакстанда доллар наркы өзгөчө кырдаал жарыялангандан кийин өсүп кетти. Kurs.kz сайтындагы маалыматка караганда, бир доллар 455 теңгеге чейин сатылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0