Доллардын артынан евронун баасы дагы 102 сомго чыкты

© AFP / MIGUEL MEDINAЕвро купюралары. Архив
Евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евронун курсу кескин жогорулап, борбор калаадагы банктардын биринде сатып алуу 96,8 сом, сатуу 102 сом болууда.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстанда доллар менен кошо евронун курсу дагы жогорулап, айрым банктарда бир евро 102 сомдон сатылып жатат.

Борбор калаадагы банктардын биринде еврону сатып алуу 96,8 сом, сатуу 102 сом болууда. Ал эми valuta.kg порталында сатып алуу 79,95 сом, сатуу 92,06 сом болуп турат.

Башка банктарда сатуу 93 сомдон жогору болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0