Доллар 85 сомдон сатылууда! Улуттук банк интервенция жүргүзүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги акча алмаштыруу пунктар Московский Байтик-Баатыра кесилишинде. Архив
Бишкектеги акча алмаштыруу пунктар Московский Байтик-Баатыра кесилишинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 19-мартта, доллардын сатып алуу курсу 72,9 сом болсо, сатуу 73 сом болчу. Бирок долларды сатып алууда кыйынчылыктар жаралып жаткан. Кечке жуук курс 85 сом болуп кетти.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Улуттук банк учурда интервенция жүрүп жатканын, тагыраагы, валюта рыногунда доллар сатылып жатканын билдирди.

Кандай баада сатылып жатканын башкы банк тактаган жок.

Бүгүн, 19-мартта, эртең менен бир долларды сатып алуу 72,9 сом, ал эми сатуу 73 сом болуп жаткан. Кечке жуук курс кескин жогорулап, 85 сомго чыкты.

Учурда Valuta.kg порталы жана өлкөнүн банктарында долларды сатып алуу 73 сом (10 тыйынга жогорулады) жана сатуу 85 сомго чыкты. Заматта секирик жасап 12 сомго кымбаттады.

Ошондой эле доллардын артынан евронун баасы дагы 102 сомго чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0