Коронавирустун айынан ишсиз калган жарандарга жардам берилет

© Sputnik / Табылды КадырбековАял акчаны кармап турган учурда. Архив
Аял акчаны кармап турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин коронавирус көйгөйүнө байланышкан жагдайдан жабыр тарткан ишкерлерге жардам берилери айтылган эле.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Насыялар боюнча жардамды коронавирус көйгөйүнөн улам жумуштан кетирилген жарандар дагы ала алат. Бул тууралуу брифинг учурунда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Эске салсак, ал коронавирус көйгөйүнө байланышкан жагдайдан жабыр тарткан ишкерлерге жардам берилерин айткан эле. Кийин ишкерлер гана эмес, ишсиз калган кызматкерлер дагы жеңилдиктерди аларын белгиледи.

"Эгер кызматкерди иштен кетирип салган болсо, банкка барып абалын түшүндүрүүсү керек. Ошол эле учурда жанында жумушсуз калгандыгы тууралуу документи болушу зарыл", — деди төрага.

Улуттук банктын коммерциялык банктарга берген сунушу:

  • кредиттик келишимди өзгөрткөн учурда кандайдыр бир комиссия акысын же башка төлөмдөрдү алууга тыюу салынат;
  • кардар кредитти келишим боюнча шарттарды толугу менен же жетиштүү деңгээлде аткара албай калса, ал үчүн айып пул алууга тыюу салынат;
  • алган насыяларды төлөп берүү мөөнөтүн бери дегенде үч айга жылдырып берүү сунушталат.
Жаңылыктар түрмөгү
0