Коронавирус кесепети: КР бюджети 450 млн. доллар зыян тартары болжолдонууда

Жазылуу
Өкмөт башчы учурда эң башкы милдет — жарандардын саламаттыгы, экинчи багыт — экономикалык блок экенин белгилеген.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Коронавирус инфекциясынын кесепетинен кыргыз бюджетине 450 миллион доллар түшпөй калары болжолдонууда. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясына өкмөттүн 2019-жылга карата отчетун берип жатып экономикалык кырдаал тууралуу айткан.

"Өзүңүздөр көрүп тургандай, жагдай оор. Биз бюджетке бажы алымдары боюнча 12-13 миллиард сом, салык боюнча 15 миллиард сомдон көп түшпөй каларын болжолдоп жатабыз. Жалпысынан алганда, учурдагы кырдаал өзгөрбөсө бюджетке 450 миллион долларга жакын түшпөй калат. Ошону менен бирге биз бардык багыттар боюнча социалдык милдеттенмелерди аткарабыз. Бирок бул бюджеттик чыгымдарды оптимизациялоо боюнча чечкиндүү талаптарды жана биз аткара турган чыгышалар беренелерин кайра кароону талап кылат", — деди Абылгазиев.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө эң башкы милдет — жарандарыбыздын саламаттыгы, экинчи багыт — экономикалык блок экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0