Кымбат сатып албагыла! 11 азык-түлүктүн баасы бекиди

© © Фото / пресс-служба правительстваЦены на социально-значимые продукты
Цены на социально-значимые продукты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер соодагерлер, ишкерлер же ортомчулар азык-түлүктү бекиген баадан кымбат сатса, административдик жоопкеричиликке тартылат.

БИШКЕК, 20-мар. – Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 11 азык-түлүктүн орточо баасын бекитти. Бул маалымат өкмөттүн расмий сайтына жайгаштырылган.

Аталган мекеме буга чейин ундун баасын бекиткен эле.

Билдирмеге ылайык, Кыргызстандын бардык аймактарындагы бааларга анализ жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында нан, макарон, өсүмдүк майы, кумшекер, жумуртка, уй, кой жана чочко эти сыяктуу эл көп колдонгон 11 тамак-ашка орток баа коюлду. Ишкерлердин чыгымы эске алынган.

Азыркы тапта бааларды бир катар мамлекеттик кызматтар көзөмөлдөп турат. Мыйзам бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0