Москвадагы АЗС иш учурунда. Архив

Мунай баасынан улам Америка Россияны кантип жазалоону ойлонуштурат

347
Мунай рыногундагы "баары жалпыга каршы" форматындагы баа согушу Вашингтондо Сауд Аравиясын жана Россияны "мунай санкциялары" аркылуу кантип катуу жазалоо жана өч алуу планы бышып жетилип калганынан кабар берет дейт россиялык эксперт Иван Данилов.

Эгер ала кушту атынан атай турган болсок, америкалык мыйзам чыгаруучулар өздөрүнүн демөөрчүлөрүн, тагыраагы, америкалык штаттардын көбүндө негизги салык төлөөчүлөр жана иш берүүчүлөр болгон мунай сланецтик компанияларды сактап калуу үчүн бардык (акылга сыйбаганына да) чараларга барууга даяр экенин айтууга болот.

Эгер бул үчүн россиялык жана саудиялык мунайга каршы эмбарго киргизүү керектелсе, анда Республикалык партиянын таасирдүү өкүлдөрүнүн пикиринде, бул кыйла акылга сыярлык баа болот.

Анан алар АКШ президенти Дональд Трамптан толук эмбаргону талап кылышууда. Америкалык мунай ишканаларын куткарууга мындай чечимдин мурда болуп көрбөгөнүнө карабастан, Ак үйдүн мындай аракетке барууга укугу бар экенин моюнга алуу зарыл. Мурда саясий пикирлер Вашингтонду кийин катуу өкүндүргөн чечимдерге түрткөн.

S&P Global Platts адистештирилген маалымат агенттиги билдиргендей, "Түндүкдакоталык республикачы сенатор Кевин Крамер 1962-жылкы "Соода маселелеринде президенттин укугун кеңейтүү жөнүндөгү" мыйзамынын (Trade Expansion Act) 232-беренесине ылайык, Сауд Аравия, Россия жана ОПЕКке мүчө өлкөлөрдүн мунайларын импорттоого эмбарго коюуга көндүрүү үчүн Трампка жазган. "Биз кечиктирбестен Кошмо штаттар коркуп калбаганын, бизди жөн эле пайдаланып кое албастыктарын көрсөткүдөй айбат беришибиз керек", — деп жазат Крамер президентке.

Бул сунушту сенатордун өзүм билемдиги катары кабыл алууга болот, бирок Крамер мырза — катардагы мыйзам чыгаруучу эмес, энергетикалык саясат боюнча Дональд Трамптын шайлоо штабынын кеңешчиси болгон. Башкача айтканда, ал – президенттин жакын чөйрөсүндөгү республикачы, Трамп Ак үйгө киргенине чейин эле чогуу иштешкен киши. Анан да Крамер америкалык мунай ишканаларынын кызыкчылыгынын өкүлү катары белгилүү.

Президенттин сланецчилерди куткаруу үчүн, ошондой эле мунай рыногундагы жагдайды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө чара көрүүнү баштаган. Ага америкалык саясатчылардын кеңири тобу да кошулду. Алардын катарында башка сенатор-республикачылардан тарта АКШнын каржы министри Мнучинге (тартипке салынган энергетикалык рыноктор АКШга канчалык маанилүү экенин Вашингтондогу россиялык элчиге жеке айтууну капыстан чечкен киши) чейин бар. Эмбарго киргизилиши боюнча сценарий баары бир жүзөгө ашырылышы ыктымал.

Мындай чаралардын маңызы саудиялык жана россиялык (ошондой эле ОПЕК өлкөлөрүнүн да) мунай экспортунун америкалык рыноктун өзүндө сланецтик казуучуларга күн көрсөтпөй калбасын деген тейдеги аракетинде. Теориясында бул схема мындай нукта иштөөгө тийиш: эмбарго киргизилет, АКШнын ичинде мунай баасы өсөт, сланецчилер жеңишин майрамдашат, акционерлерге дивиденддерин жана насыякорлорго карыздарын төлөйт, ошондой эле даярдалып калган жапырт иштен кетирүү жана банкротчулук планын жокко чыгарышат. Бирок бул – теория. Иш жүзүндө бул сценарий ишке ашырылган учурда да алдаканча татаал болот.

Эр-Рияддын чечиминен улам мунай баасынын түшүп кетишине чейин эле АКШга россиялык мунайдын экспорту өсө баштаганынан кепти чубайлы. Өсүшкө – АКШнын Иран жана Венесуэлага каршы санкциялары себеп. Бул эки өлкөдө америкалык мунайды кайра иштетүүчү заводдордун басымдуу бөлүгүнө талап кылынчу сорттогу мунай казылат.

Андан улам санкциялардын шартында ушундай эле мунайды Россиядан алууга туура келген, анткени сланецтик казуучуларда мунайдын андай үлгүсүн бербейт, ал эми АКШдагы мунайды кайра иштетүүчү инфраструктуранын профилин алмаштыруу — узак, кымбат, анан калса, маңызы деле жок.

Россиялык мунайды жеткирүүнүн өсүшү — бул конспирология эмес, Bloomberg ишкердик маалымат агенттиги өңдүү америкалык маалымат каражаттары бир топ айдан бери (санкцияларды себеп катары көрсөтө) наалынып келе жаткан көрүнүш.

Америкалыктар бул кырдаалдан эмбаргого Россия, Сауд Аравиясы жана ОПЕКке мүчө бардык калган өлкөлөр кабылган учурда кантип бул кырдаалдан чыгып кетери түшүнүктүү. Ошентсе да, буга окшогон көйгөйлөр (мындан жупунураак формада болсо деле) Венесуэла менен Иранга каршы санкцияларды киргизүүгө чейин эле күтүлгөн, бирок Мамдеп ал убакта муну токтоткон эмес.

Дагы бир маанилүү маселе эмбаргонун бул болду-болбоду америкалык экономикага АКШдан тыш жакта энергия сыйымдуу же мунай-химиялык өндүрүштөрү бар америкалык корпорациялардын эсебинен зыян келтирет. Алар Америкадагы ишмердигин кыскартып, мунай арзан жактагы өндүрүшкө бүт күчтү жумшоого тырышат.

Анан калса, америкалык мунай керектөөчүлөрдүн баары мунай өндүрүшчүлөрдү каржылайт, ал эми саясий көз карашта бул азыркы президент үчүн абдан кооптуу учур болот. Трамп ушул тапта Сауд Аравиясын кыйыр түрдө тоноо менен дагы алек, Эр-Рияд өзүнүн стратегиялык корун дүйнөлүк рынокто арзыбаган баада (Brent маркасынын баасынан он долларлык арзандатуу менен) сатып жатканда, Трамп андан пайдалана америкалык стратегиялык запасты кошумча 77 миллион баррелге толуктоодо. Ал кеминде бир нече апта аралыгында баанын көтөрүлүшүнө кызыкдар эмес.

Дагы бир маанилүү эки себептен улам сланецтик тармакты колдоонун кескин чараларын киргизүүгө эч мүмкүн болбой же өтө чоң көйгөйгө айланышы да ажеп эмес.

Демократиялык партия сланецчилердин жапырт банкрот болушун абдан каалайт, дал ушул партия конгрессти көзөмөлдөөрүн эске алсак, эгер президент сланецтик аяр компанияларды колдоого бөтөнчө ыкмаларды колдонууга аракет кылса, анын айрым мыйзам долбоорлорун, чечимдерин "барымтада кармап" туруп алышы да ыктымал.

Америкалык The Hill саясий басылмасы: "демократтардын көпчүлүгү баанын түшүшү жана коронавирус пандемиясынан улам Ак үй мунай-газ тармагына олуттуу көмөк көрсөтүүгө умтулушу мүмкүн" деп чочулаганын билдиришүүдө", – деп белгилейт.

Жыйырма конгрессмен-демократ шейшемби күнү Трампка пайдалуу кендерди казуу менен алектенген компанияларга кошумча каражат таратуудан алыс болууну эскертишкен кат жолдоду. АКШ Ак үйү өткөн аптада стратегиялык резервге мунай сатып алуу жөнүндө жарыялаган.

Сланецчилердин банкротко багынышын АКШнын эски жана ири мунай компаниялары күтүп турган чагы. Алар үчүн карыздарынан кутулуу ниетинде чыгаша тартып казуу менен алектенүүнүн, көз карандысыз сланецтик ишканаларчылап өз менеджментинин бонустарын актоо үчүн казып алууну көбөйтүүнүн зарылдыгы жок.

Ал гана эмес, сланецтик революциянын өзү Рокфеллердин империясынан чачыраган майда ишканаларга (ОПЕК сымал картелде кайсы бир кезде америкалык рынокко катышкан компаниялар) эбегейсиз каржылык зыян келтиришкен. Бул туурасында тактагыңыз келсе, эски америкалык мунай чыгаруучу компаниялардын акцияларына болгон баалардын узак мөөнөттүү графигине көз жүгүрткөнүңүз жетиштүү.

Алар көз карандысыз казып алуучуларды сактап калуу аракеттерине эмбарго же ушул сыяктуу башка чаралар менен болушунча каршы турары толук мүмкүн. Эгер Вашингтон Эр-Риядды баа саясатын токтотууга көндүрө алса, анда америкалык сланецтик тармакты дал ушул америкалык дипломатия гана сактап калат.

347
Белгилер:
нефть, Мунай, АКШ, Россия
Тема боюнча
АКШ Россияны түрк аскерлеринин өлүмүнө күнөөлөдү. Эч кимдин кылы кыйшайбайт
Улуттук банк доллардын кескин өсүшүнө түшүндүрмө берди
Кандуу элдешүү. Талибдер Борбор Азияга аттанышы мүмкүнбү?