Акча алмаштыруучу жай. Архивдик сүрөт

Доллар кайра кымбаттады. Алтын менен күйүүчү майдын баасы өзгөрдүбү

2158
(жаңыланган 12:05 23.03.2020)
Күйүүчү майдын баасы өзгөрүлгөн жок. Бирок алтын куймаларынын наркы бир аз көтөрүлдү. Мисалы, бир унцийди (31 грамм) сатып алуу 19 мартта 124 миң сом болсо, азыр 140 миң сомго жетти.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Өткөн жуманын акыркы күндөрүнө салыштырмалуу доллар кайра кымбаттап кетти.

Учурда акча алмаштыруу жайлары АКШ акчасын 77,65 сомдон сатып алып, 77,70 сомдон сатууда. Өткөн ишемби, жекшемби күндөрү доллар 73 сом деңгээлинде кармалып турган.

Ошондой эле евронун курсу дагы жогорулады. Сатып алуу — 79.61 сом, сатуу — 88.85 сом.

Күйүүчү майдын баасы өзгөрүлгөн жок. Бирок алтын куймаларынын наркы бир аз көтөрүлдү. Мисалы, бир унцийди (31 грамм) сатып алуу 19 мартта 124 миң сом болсо, азыр 140 миң сомго жетти.

Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден тарта 100 граммга чейин.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатпастан, аны сатып да алат. Бааны алар өздөрү Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюп турат.

2158
Белгилер:
баа, доллар, Күйүүчү май, алтын, Кыргызстан
Тема боюнча
Коронавирус кесепети: КР бюджети 450 млн. доллар зыян тартары болжолдонууда
Доллар өскөндүгүнө байланыштуу импорттук азыктар кымбаттайбы? Адистин жообу
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн онлайн маалымат жыйында

Токтогазиев: текшерип жатабыз, эптеп эле иштеп жүргөндөр кызматтан алынат

10
(жаңыланган 13:17 30.10.2020)
Айыл чарба министрлигинде ушуга чейин элементардык электрондук документтештирүү системасы киргизилген эмес.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлерин текшерип жатабыз, натыйжасы жок иштеп жүргөндөр аныкталса жумуштан алынат. Бул туурасында министр Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн онлайн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ушуга чейин министрликте элементардык электрондук документтештирүү системасы киргизилген эмес. Азыркы тапта санариптештирүү жана экспортко чыга турган товарлардын документтерин тез арада бүтүрүү боюнча аракеттер башталды.

"Бизде өз ишин мыкты билген адистер жетиштүү, ошол эле учурда эптеп эле иштеп жүргөндөр да бар. Андыктан учурда аудит жүргүзүп ким эмне менен алектенип жүргөнүн аныктап жатабыз. Жыйынтыгына жараша кадрдык чечимдер кабыл алынат. Жөн гана иштен кетирип салуу болбойт, эгер өз ишинин адиси болсо аны менен иштешүүнү улантабыз. Мисалы райондук агрардык башкармалыктар ишкерлер менен фермердин ортосуна көпүрө болуп, айыл чарба азыктарын сатууга шарт түзгөн менеджер болушу керек. Учурда алардын активдүүлүгү жетишпей жатат", — деди Токтогазиев.

Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигиндеги көйгөйлөрдү ачыктады

Мындан сырткары, министр бир жарым жыл мурда министрликтин штаты 5000ден ашуун болгонун, бирок мурдагы жетекчилик позициясын коргой албай ал эки-үч бөлүккө бөлүнүп кеткенин белгиледи. Мындан улам 4000ден ашуун кызматкер Суу чарба агенттигине кеткен, Фитосанитардык, ветеринардык инспекциялар, алкоголдук продукцияларды көзөмөлдөө Айыл чарба министрлигине карабай калган.

Бүгүнкү күндө министрлик көбүнчө айыл чарба тармагын өнүктүрүү саясатын аныктап калганын айтат. Жалпы штаты 888 кызматкерден турса, анын 97си борбордук аппаратта иштейт.

10
Белгилер:
текшерүү, кызматкер, Тилек Токтогазиев, айыл чарба
Тема боюнча
БУУнун Азык-түлүк уюму Айыл чарба министрлигиндеги өзгөрүүлөрдү колдоого даяр
Тилек Токтогазиев жыйын өткөрүп, министрликтеги ишин эмнеден баштаарын айтты
Төө буурчак. Архив

Таластын төө буурчагы 28 өлкөгө экспорттолуп, Македонияга чейин жетти

370
Кыргызстандын төө буурчагын көбүнчө Түркия, Сербия, Россия, Болгария жана Македония мамлекеттерине алып кетишет.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстандык фермерлер быйыл тогуз айдын аралыгында 28 өлкөгө 38,4 тонна төө буурчак экспорттоду. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл сайын өлкөдө өндүрүлгөн төө буурчактын 90 пайызы экспорттолот. Былтыр чет өлкөгө 93,5 тонна, быйыл тогуз айда 38,4 тонна сатылган. Экспорт менен 30 фирма алектенет, Таластын төө буурчагын көбүнчө Түркияга, Сербияга, Россияга, Болгарияга жана Македонияга алып кетишет.

БУУнун Азык-түлүк уюму Айыл чарба министрлигиндеги өзгөрүүлөрдү колдоого даяр

Төө буурчак дыйканчылыктын негизги түрү катары саналган Талас облусунда быйыл 59 миң гектар жерге эгилген, азыркы тапта 89,3 тонна (бир гектарынан 18,4 центнер) түшүм алынды. Өткөн жылы 58 гектар аянтка себилип, 101 525 тонна (бир гектарынан 17,4 центнер) жыйналган.

Чет өлкөлүктөрдүн суроо-талабына арзыган "Лопатка" сортундагы төө буурчактын баасы 80-86 сомду түзөт. Былтыр 53-55 сомго бааланган.

370
Белгилер:
сатуучу, экспорт, төө буурчак, Төө буурчак, Талас облусу
Тема боюнча
Кыргызстан малдын 800 тонна ичеги-карынын чет өлкөгө сатты
Кыргызстандын балын 20дан ашык мамлекет таткан. Тизме