Банктар ишкерлерге кредит төлөө боюнча жеңилдик бере баштадыбы

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональная валюта Кыргызстана — сом
Национальная валюта Кыргызстана — сом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады. Мындан улам өлкөдө эл турмушуна өтө зарыл мекеме, кызматтардан тышкаркылар абал жакшырганга чейин ишин токтотушту.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бүгүн вице-премьер Эркин Асрандиев бизнести колдоо боюнча антикризистик план иштелип жатканын айтты. Анын негизги багыты — салык жана насыялар боюнча жеңилдиктерди берүү. 

© Пресс-служба правительства КР Алишер АлиевВице-премьер Эркин Асрандиев
Банктар ишкерлерге кредит төлөө боюнча жеңилдик бере баштадыбы - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер Эркин Асрандиев

Эске салсак, Улуттук банктын башкармалыгы 2020-жылдын 18-мартында "Коронавируска байланыштуу каржы-насыялык ишмердүүлүктү жөнгө салуунун убактылуу эрежелери жөнүндө" токтом кабыл алган. Ага ылайык, мекеменин төрагасы Толкунбек Абдыгулов коммерциялык банктардын жетекчилерин чогултуп, ишкерлерге жеңилдик берүү боюнча төмөндөгү тапшырмаларды койгон:

— кредиттик келишимди өзгөрткөн учурда кандайдыр бир комиссия акысын же башка төлөмдөрдү алууга тыюу салуу;

— кардар кредитти келишим боюнча шарттарды толугу менен же жетиштүү деңгээлде аткара албай калса, ал үчүн айып пул алууга тыюу салынат;

— алган насыяларды төлөө мөөнөтүн бери дегенде үч айга жылдырып берүү;

— насыяны төлөй албай калган учурда "кредиттик тарыхка" жазбоо.

Sputnik Кыргызстан редакциясы мамлекеттин бул талап жана өтүнүчтөрү коммерциялык банктар тарабынан канчалык колдоо тапканына кызыгып көрдү. Ал үчүн өлкөдөгү банктардын бир нечесинин расмий сайттарына көз жүгүртүп, адистери менен байланышып көрдүк.

"COVID-19 пандемиясынын глобалдык масштабын жана анын өлкөдөгү экономикалык автивдүүлүккө тийгизген таасирин эске алып, коронавирус көйгөйүнөн улам финансылык чыгымдарга учураган кыргызстандык ишкерлерге кредит боюнча төлөм шарттарын кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн беребиз", — деп жазылат банктардын биринин сайтында.

Президент Сооронбай Жээнбеков принял председателя НБКР Толкунбека Абдыгулова - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: банктар кардарларына түшүнүү менен карап жардам бериши керек
Кредитти төлөө жол-жоболорун өзгөртүп, жеңилдиктерди берүү үчүн көпчүлүк банктар кардарларынан арыз кабыл ала баштаганын айтышты. Ал үчүн банктын кеңсесине же онлайн-негизде кайрылуу таштоого болот.

Баса, насыялар боюнча жардамды ишкерлер, мекемелер гана эмес, коронавирус көйгөйүнөн улам убактылуу жумушсуз калган жеке тараптар дагы алса болорун буга чейин Улутук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов айткан.

Банктардын биринин кызматкери менен байланышканыбызда, жеке жана юридикалык тараптардын кайрылуусу боюнча айырмасын айтып берди.

"Ишкерлик үчүн насыя алган юридикалык тараптар банктын бөлүмүнө барып же онлайн кайрылганда, арыз жазат жана жанында паспортунун көчүрмөсү болуусу керек. Ал эми жеке тарап кайрылса, арыз менен паспорттун көчүрмөсүнөн тышкары, патенти (бар болсо) жана жумуштан кеткендиги же акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыккандыгы тууралуу маалымкат талап кылынат", — деди банк өкүлү.

Ошондой эле ар бир учур индивидуалдуу түрдө караларын айтып, бул үчүн кардар өзүнүн банктагы кредиттик менеджери менен сүйлөшүшү керектигин эскертти.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда доллар дээрлик бир сомго кымбаттады
Мындан тышкары, кардар кайрылары менен эле чечим чыгып калбасын, анткени бул үчүн адистер тобу тыкыр анализ жүргүзүшү керектигин кошумчалашты.

Баса, жогоруда мурда алынган насыялар тууралуу кеп болуп жатса, өкмөт жеңилдик иретинде азык-түлүк даярдоо менен алектенген ишкерлерге арзан насыя катары 400 миллион сом берилерин айткан. Бул каражатты эки мамлекеттик банк 200 миллион сомдон чыгарып жатат. Долбоордун негизги максаты — азык-түлүк тартыштыгын алдын алуу.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 2019-жылдын аягында Кыргызстанда насыя алгандардын жалпы саны — 546 миң болгон. Алардын 541 миңи жеке тараптар, калганы юридикалык жактар. Алынган кредиттик сумма — 146 миллиард 439 миллион сом.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Супермаркет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер: азык-түлүктүн баасы жогорулайт
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 14кө жетти. Анын ичинен сегизи  Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Үчөө Ош облусуна караштуу Ноокат районунан, экөө Бишкектен, бирөө Баткен облусунан. Эки адамдын абалы оорураак деп бааланып жаткан. Алардын бири, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады. Мындан улам өлкөдө эл турмушуна өтө зарыл мекеме, кызматтардан тышкаркылар абал жакшырганга чейин ишин токтотушту.

Өлкө аймагында ушу тапта абал кандай экенин билүү үчүн Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик трансляцияга көз салыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0