БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Өзбекстандан жаратылыш газын экспорттоону токтотуу боюнча расмий билдирүү "Газпром Кыргызстан" ишканасына келген эмес. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин Өзбекстандын ЖМКлары премьер-министр Абдулла Ариповго таянуу менен өлкө 2025-жылы жаратылыш газын экспорттоону токтотууну пландап жатканын жазышкан.
"Кыргызстандын түштүк тарабындагы колдонуучуларга газ "Газпром экспорт" ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде алып келинет. Ал келишим быйыл бүтөт, бирок дагы эки жылга узартылышы мүмкүн. Өзбекстан тараптан жаратылыш газын экспорттоону токтотуу боюнча расмий билдирүү "Газпром Кыргызстан" ишканасына келген эмес", — деп жооп берди компания.
Ошондой эле коңшу өлкөдөн келген газды колдонуунун үлүшү КРде 10-12 пайыз экендигин кошумчалашты.