Коронавирус: депутат өкмөткө тышкы карызды төлөбөй турууну сунуштады

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан 2019-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 28 миллиард сом жумшаган. Анын тең жарымы тышкы карызга кеткен.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев коронавирус менен күрөшүү учурунда бюджет тартыштыгы болбош үчүн сырткы карызды төлөбөй турууну сунуштады. Мындай пикирин ал парламент жыйынына келген биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновго билдирди.

"Быйыл тышкы карызга деп дайындаган акчаны бербей турушубуз керек. Аны берсек, банкрот абалына кептелебиз. Анткени вирус менен күрөшүүгө акча кетип жатат, бирок ишканалар токтоп, алардан салык түшпөй калат. Ошол себептүү биз кредиторлорго азыртадан абалыбызды түшүндүрүп, өкмөт сүйлөшүүлөрүн жүргүзө башташы зарыл", — деди Иманалиев.

Анын айтымында, мындай жол менен бир катар карыздарыбызды таптакыр жойдуруп алууга дагы мүмкүндүк бар.

"Азыр болуп жаткан кырдаал өтө уникалдуу. Бүт дүйнө адам баласын сактап калууга жан талашып жатат. Карыз бергендер менен жакшылап сүйлөшсөк, айрымдарын жылдырып, айрымдарынын пайызын азайтсак болот. Атургай таптакыр жоюп салууга дагы мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн акча берген тарапка биз мынча акчаны жарандардын өмүрүн сактоого кетирдик деп түшүндүрүү керек", — деди депутат.

Национальная валюта Кыргызстана — сом - Sputnik Кыргызстан
Банктар ишкерлерге кредит төлөө боюнча жеңилдик бере баштадыбы
2019-жылдын акырындагы маалыматка караганда, Кыргызстандын эң ири кредитору — Кытай. Биз дагы ага карызы эң көп беш өлкөнүн катарын толуктаганбыз. Карызыбыздын 45 пайызын дал ушул коңшудан алганбыз. Тагыраак айтканда, жалпы жонунан 3,8 миллиард доллар бересе болсок, анын 1,7 миллиарды — Кытайдын акчасы.

Андан кийинки бештикке Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (649 миллион доллар), Азия өнүктүрүү банкы (563 миллион), Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (239 миллон) жана Эл аралык валюта фонду (147 миллион) кирет.

Эске салсак, Кыргызстан 2019-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 28 миллиард сом жумшаган. Анын тең жарымы тышкы карызга кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0