Коронавирустан улам Кыргызстан ЭВФтен жардам алган биринчи өлкө болушу мүмкүн

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЭл аралык валюта фондунун логотиби. Архив
Эл аралык валюта фондунун логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен фонд экономикалык кесепеттерди жоюу үчүн ондогон өлкөлөргө триллион доллар бөлүүгө даяр.

БИШКЕК, 24-мар. – Sputnik. Коронавирус пандемиясына байланыштуу 80ге жакын мамлекет Эл аралык валюта фондуна (ЭВФ) жардам сурап кайрылган. Алардын арасында Кыргызстан дагы бар экенин The New York Times ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азиядагы департаментинин директору Жихад Азурга шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, COVID-19 илдетине байланыштуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасы запкы чегип жатат. Кризис башталгандан бери капиталдын агымы 83 миллиард долларды түздү. Бул тарыхтагы абсолюттук рекорд болуп саналат.

Азурдун айтымында, фонддун жетекчилиги өзгөчө саламаттык сактоо системасы начар абалда турган жана импорттон көз каранды өлкөлөр тууралуу кабатырланып жатат.

"Мамлекеттердин өкмөттөрү бюджеттин тартыштыгына карабастан саламаттык сактоо тармагына каражатты аябашы керек", - деди Азур.

Коргоочу костюм кийген медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Обсервацияда жаткандар мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгышы мүмкүн. Шарттары
Түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен фонд экономикалык кесепеттерди жоюу үчүн триллион доллар бөлүүгө даяр.

"Учурда кээ бир өлкөлөрдүн арыздарын кароону тездетүү маселеси чечилүүдө. Жума аягында аткаруучу кеңеш Кыргызстандын өтүнүчүн карап чыгат. Бул өлкө биринчилерден болуп ЭВФтен жардам алышы мүмкүн", - деди ал.

Кыргызстандагы коронавируска байланыштуу акыркы маалыматтарды тексттик трансляциядан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0