Чек арадагы жүк ташуучулар. Архивдик сүрөт

Кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучуларды өткөрүү жанданды

187
(жаңыланган 19:11 25.03.2020)
Буга чейин Кыргызстан менен Казакстан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларына байланыштуу үчүнчү өлкөлөргө товар ташууга убактылуу тыюу салган эле.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк ташуучуларды өткөрүү жанданды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-мартта "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу 97, "Чоң-Капка" аркылуу 26 жүк ташуучу унаа Кыргызстанга келди.

Ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл-өткөрмө жайлары аркылуу 192 жүк ташуучу унаа Кыргызстандан чыгып кеткен.

"Унааларды өткөрүү тоскоолдуксуз жүргүзүлүүдө. Товарлардын арасында жабдуулар, азык-түлүк, калк керектөөчү буюмдар, курулуш материалдары, тиричиликте колдонулуучу химиялык заттар, унаа тетиктери, косметика жана башкалар бар", — дешти өкмөттөн.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан менен Казакстан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларына байланыштуу үчүнчү өлкөлөргө товар ташууга убактылуу тыюу салган.

187
Белгилер:
унаа, жүк ташуучулар, өкмөт, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (725)
Тема боюнча
Казакстанда COVID-19 жуктурган киши Кыргызстанга келип кеткени айтылды
Казакстандан Кыргызстанга кирбей турган товарлардын тизмеси