Кыргызстан Кытайдан жүк ташууну жандандырууга камынып жатат

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаалар. Архив
Жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайга тийиштүү нота жөнөтүлүп, Кыргызстандын маморгандарына Кытай тарап менен даярдык иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилген.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташууну жандандырууга даярдык иштерин көрүп баштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы вице-премьер Эркин Асрандиевдин айтымына таянып кабарлады.

Кытайга тийиштүү нота жөнөтүлүп, Кыргызстандын маморгандарына Кытай тарап менен даярдык иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди. Жүк ташууну "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө пунктулары аркылуу жандантуу пландалууда.

"Кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн шарттарды түзүүнү эске алуу менен бул процесстин механизмдерин жана алгоритмин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Кытайдан импорттолгон товарлардын түзүмүн талдоо көрсөткөндөй, чек аранын жабылышы жеңил өнөр жай жана текстилдик өндүрүштүн ишмердүүлүгүнө, жабдууларды ташууга кыйла таасирин тийгизген", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кыргыз-кытай чек арасы коронавирустан улам жабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0