Centerra Gold Inc. 2016-жылдан бери биринчи ирет акционерлерге дивиденд төлөйт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO Centerra Gold Inc. компаниясынын кызматкери. Архив
Centerra Gold Inc. компаниясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канадалык компаниянын башкы активи – Кумтөр кени, бирок ишкана дүйнөдөгү башка кендерди дагы иштетип келет.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Centerra Gold Inc. компаниясы (Кыргызстандын үлүшү 26,4 пайыз) акционерлерге 8,2 миллион доллар дивиденд төлөп берет. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ишканасынан билдиришти.

Дивиденддер 2016-жылдан бери биринчи ирет төлөнөт. Кыргызстан 77,4 миллион акциянын ээси катары 2,2 миллион доллар (175,5 миллион сом) алат. Дивиденддер үстүбүздөгү жылдын 7-апрелине катталган акционерлерге берилет.

"Келечекте директорлор кеңеши коронавируска байланыштуу өзгөрүүлөр болор-болбосун, дивиденд программасына канчалык таасир этерин карап чыгат", - деп айтылат маалыматта.

Встреча президента Сооронбая Жээнбекова и главы офиса Всемирного банка в Кыргызстане Болормой Амгаабазар - Sputnik Кыргызстан
Коронавируска чукул жооп кайтаруу. Дүйнөлүк банк колдоо көрсөтөт
Centerra Gold Inc. компаниясынын саясатына ылайык, дивиденддин убактысы менен көлөмү маал-маалы менен директорлор кеңеши тарабынан бекитилет. Мында акча агымы, финансылык жана бизнести жүргүзүү шарттары эске алынат.

Кыргызстан ("Кыргызалтын" ААК) Centerra Gold Inc. компаниясынын эң ири акция ээси болуп саналат – 77 401 766 даана. Канадалык компаниянын башкы активи – Кумтөр кени, бирок ишкана дүйнөдөгү башка кендерди дагы иштетип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0