COVID-19 менен күрөшүү эсебине дээрлик 50 млн. сом түштү

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирусту ооздуктоо үчүн кыргызстандыктардан жардам катары которулган каражаттын суммасы күн санап өсүп жатат.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке 49 миллион 520 миң 447 сом келип түшкөнүн Республикалык штаб кабарлады.

Бул 27-марттын саат 17.00гө карата алынган маалыматы экени белгиленет.

Встреча президента Сооронбая Жээнбекова и главы офиса Всемирного банка в Кыргызстане Болормой Амгаабазар - Sputnik Кыргызстан
Коронавируска чукул жооп кайтаруу. Дүйнөлүк банк колдоо көрсөтөт
Белгилей кетсек, 17-марттан бери жөнөкөй жарандардан тарта менчик компаниялар, фонддор жана мамлекеттик мекемелерге чейин жардам кылып, жеке каражатын, айрымдары айлык маянасынын бир бөлүгүн жардам катары берип келет.

Коронавирусту ооздуктоо үчүн акчалай жардам берүүнү каалагандардын саны күн сайын өсүп жатканы байкалат. Алсак, атайын эсепке 25-мартта 17,3 миллион, ал эми 26-мартта 9,2 миллион сом түшкөн. Кечээ бул көрсөткүч дээрлик 5 миллион сомго жетип, чогулган сумма жалпысынан 50 миллион сомго жакындады.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги атайын эсеп ачкан.

Эсептин номери: 4402011000101373

Жаңылыктар түрмөгү
0