Коронавирус: элден түшкөн акчаны бөлүштүрүү үчүн комиссия түзүлдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары жана калькулятор. Архив
Акча каражаттары жана калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү алынган маалымат боюнча, эсепке 49 миллион 520 миң 447 сом келип түшкөн. Каражат коронавирус менен күрөшүү аракеттерине жумшалмакчы.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү коронавирус инфекциясы менен күрөшүү чараларын каржылоо үчүн ыктыярдуу жардам түрүндө жеке жана юридикалык жактардан түшкөн гуманитардык жардам жана акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссия түздү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

"Комиссия элден чогулган акчаны сарамжалдуу жана натыйжалуу бөлүштүрүү максатында түзүлдү. Финансы министрлигине Саламаттык сактоо министрлиги үчүн депозиттик эсеп ачуу тапшырмасы берилди, эми чогулган каражат толугу менен ушул эсепке которулат", — деп айтылат маалыматта.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаар коменданты Алмаз Орозалиев менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Соодагерлер кампаларга жете албай жатат. Премьер шаар коменданты менен жолукту
Бөлүштүрүү иштеринин ачык-айкын болушу үчүн Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы IT-штаб www.help.covid.kg онлайн ресурсун ишке киргизген. Анда келип түшкөн каражаттын көлөмү жана алар кайсы иш-чараларга жумшалары реалдуу режимде көрсөтүлүп турмакчы.

Эскерте кетсек, 28-мартта алынган маалымат боюнча, эсепке 49 миллион 520 миң 447 сом келип түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0