"Оор сыноо": сланецтик өндүрүш урагандан урап барат

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүОкеанда турган мунай платформасы
Океанда турган мунай платформасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сланецтик индустрияны колдоо боюнча Дональд Трамптын демилгесин мыйзам чыгаруучулар четке какты. Эми бул тармакты мунай согушун соңуна чыгаруу гана сактап калчудай.

Вашингтон Сауд Аравиясын мунай казуу көлөмүн азайтууга көндүрө алды десек болот, кантсе да Вашингтондун колунда Эр-Риядга кысым көрсөтүү рычагы жетишерлик. Бирок рынокту турукташтыруу Москвасыз мүмкүн эмес. Ушундай пикирлери менен өнөктөшүбүз РИА Новости агенттигинин баяндамачысы Максим Рубченко бөлүштү.

Демократтардын кеги

Конгресс Энергетика министрлигине стратегиялык резерв үчүн сланецтик ишканалардан 77 миллион тонна мунай сатып алууга каражат бөлүүдөн баш тартты. Бул боюнча марттын башында Дональд Трамп, андан көп өтпөй энергетика министри Дэн Бруйетт тийиштүү буйрук чыгарган.

"Мамлекеттик бюджеттин таңсыктыгын жоюу үчүн мындан бир нече күн мурун эле өкмөт мамлекеттик резервден мунай сатып жатпады беле, — деп жазды энергетика боюнча Bloomberg агенттигинин белдүү кабарчыларынын бири Жавье Блас "Твиттердеги" баракчасына. — Эми сланецчилер мунайды салык төлөөчүлөрдүн миллиарддаган долларын сарптап Сэм байке аны кайра жер алдына, өздөрүнүн стратегиялык мунай сактагычтарына кайра куюу үчүн гана казчудай өңдөнүп калды".

Өткөн жумада АКШнын Энергетика министрлиги конгрессти каражат бөлүү сунушун "америкалык энергетикалык ишканаларга жана алардын жумушчуларына жардамдашуу үчүн мүмкүн болушунча тезирээк" колдоп берүүгө үндөдү. Бирок парламенттин төмөнкү палатасында көпчүлүктү түзгөн демократтар дагы бир ирет Трампка зыян келтирүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбай, буга каршы чыгышты.

Президент буга моюн бергиси жок. Bloomberg агенттигинин маалыматына таянсак, Ак үй Энергетика министрлигине жеке бюджетинен бул сатып алууну каржылоого буйрук берди.

Мунай казуу станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай согушу. Вашингтон табуну бузуп, кепке келе баштаганда
"Дональд Трамптын администрациясы чечкиндүү түрдө арзан мунайды сатып алууга ниеттенди, — деп билдирет Rapidan Energy Advisors компаниясынын негиздөөчүсү Боб МакНэлли. — Конгресстин катышы же бөлөк жол менен болсо да стратегиялык запас толукталат. Мунайды бул жагдайдан баарынан көп жабыркаган майда жана орто компаниялардан сатып алуу пландалат".

Бирок талдоочулар бул ыкма да жардам бербей турганын белгилешет. Себеби сыйымдуулугу 714 миллион болгон америкалык стратегиялык мунай сактагычтарына эбак 634 миллион баррель куюлган. Башкача айтканда, дагы 80 миллион батат. Демек жарым жыл аралыгында суткасына дагы 450 миң баррелден сатып алуу керектелет.

"Суроо-талаптын түшүшү менен салыштырмалуу бул өтө эле аз, — деп билдирет америкалык энергетикалык талдоочу Джастин Якобс. — Мунай рыноктогу баада сатып алынат, ал эми ушул тапта анын баасы өз наркынан төмөн. Бул өндүрүшчүлөрдү кантип куткарары таптакыр түшүнүксүз".

Өндүрүштүн кыйрашы

Мунайчылар эбак үмүттөрүн үзүшкөн. Occidental Petroleum компаниясы өткөн аптада кызматкерлерине маяналарын кесе турганын эскертүү менен кат жолдошкон.

"Рыноктогу кырдаал мурда эч болуп көрбөгөндөй чараларды көрүүнү талап кылат, — деп билдирет ал катта. — 1-апрелден тарта катардагы кызматкерлердин кирешеси 30 пайызга, жетекчилердики 68%га кыскартылат. Компаниянын аткаруучу директору 81 пайыз кирешесинен ажырайт. Мындан сырткары, бонус, жол кире жана фитнес үчүн каржылоолору да кыскартылат".

Айрымдары жумушчуларын бошотууда. Halliburton ири мунай сервистик фирмасы Хьюстондогу 3500 кызматкерин жумуштан кетирүү боюнча жарыялады. Сланецтик Apache компаниясы борбордук кеңсесинин штатын 85 кишиге кыскартмакчы.

"Сланецтик бургулоочу орнотмолордун санын кескин кыскартып, капиталыбызды башка долбоорлорго буруудабыз. Ошол себептен персонал боюнча татаал чечимди кабыл алып турабыз", — деп көрсөткөн Apache компаниясы өз билдирүүсүндө.

Ал тургай, негизинен салттуу ыкма менен кен казуучу Exxon Mobil гиганттык компаниясы да олуттуу көйгөйгө кабылды. "Рыноктогу болуп көрбөгөндөй кырдаалдан улам жакынкы мезгил үчүн капиталдык жана операциялык чыгымдарды кыйла кыскартуу үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатабыз", — деп билдирет компаниянын башкы директору Даррен Вудс.

Нефтяное месторождение. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Мунай баасы жана альтернативдик энергетиканын кыйрашы: утуш кимде?
"2015-2016-жылдары мунай баасынын түшүшүн шарттаган баа согушу бул тармактагы жумушчу орундарын дээрлик 30 пайызга кыскарышына алып келген, — деп жазат өз отчетунда Rystad Energy консалтингдик фирмасы. — Ушул тапта мунай өндүрүшү коронавирус эпидемиясынын кошумча таасирине да тушукту". Натыйжада жыл аягында ар бир үчүнчү мунайчы жумушсуз калат.

"Азыркы баалар менен биз Кошмо Штаттарда сланецтик мунай өндүрүшүнүн кыйла төмөндөгөнүнө күбө болорубуздан шек жок", — деп моюнга алат Эл аралык энергетикалык агенттиктигин аткаруучу директору Фатих Бирол. Америкалык мунай өндүрүшү алдыда оор сыноого кабыларын да кошумчалайт ал.

"Сланецтик индустрия урайт", — деп бүтүм чыгарат Техас техникалык университетинин мунай-газ иши тармагы боюнча профессор Маршалл Уотсон.

Оюн кызыды

Сланецчилерди ОПЕКтин Россия менен болгон мунай согушунун аякташы гана сактап кала алат. Ал эми көптөгөн америкалык санкциялардан соң Вашингтон менен Москванын ортосундагы эч кандай конструктивдүү диалогдун мүмкүн эместигинен улам Трамптын администрациясы саудиялыктарга гана ыктап турат.

Өткөн дүйшөмбүдө АКШ энергетика министри Дэн Бруйетт Вашингтон "бир нече он жылдыктан берки эң начар кырдаалды турукташтыруу" үчүн Сауд Аравиясы менен мунай альянсын түзүү мүмкүнчүлүгүн кароодо. Мындан белгиленген баанын ылдыйлашын токтотуп калуу, башкача айтканда, арабдардын мунай казуу көлөмүн кыскартышы – Вашингтондун эң негизги шарты экени түшүнүктүү.

Шейшембиде Politico журналы АКШ президентинин администрациясындагы булактарга таяна Дональд Трамптын саудиялык Мухаммед бин Салман ханзаадага телефон аркылуу байланышып, америкалык мунайчыларга зыян келтирбөөнү талап кылганын жазып чыкты. "Мунай баасынын турукташуусу зарыл", — деген АКШ лидери.

Нефть платформасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай согушу: батыш эксперттери жеңүүчүнү боолголошту
Ал эми өткөн шаршембиде Мухаммед бин Салманга Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео да телефон чалып, дүйнөлүк энергетикалык рыноктордогу туруктуулукту колдоо зарылдыгы жөнүндө" эскерткен.

"Мамлекеттик катчы "Чоң жыйырманын" алдыңкы катышуучуларынын бири, таасирдүү энергетикалык лидер катары Сауд Аравиясы аалам олуттуу экономикалык белгисиздикке тушугуп турган маалда дүйнөлүк энергетика жана каржы рынокторун реалдуу түрдө жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин баса белгиледи", — деп айтылат АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий билдирүүсүндө.

Bloomberg агенттиги саудиялык ханзааданын Помпео менен сүйлөшүүсүн "Сауд Аравиясы менен Россиянын ортосундагы баа маселесине түздөн-түз кийлигишүү" деп сыпаттады.

Чечүүчү сөз Россияда

Серепчилер акыры саудиялыктар айтканынан кайтарына ынанышат. Мында кеп Вашингтондун Эр-Риядга кысым кылуу рычагынын көптүгүндө эле эмес, конгрессмендер саудиялыктарга каршы санкциялар, маселен, журналист Хашоггиннин өлүмү, Йемендеги согуш, атомдук программанын ашкере активдүү өнүгүшү туурасында бир нече ирет маселе көтөрүшкөн. Баанын төмөндөшүн жайгаруу үчүн Сауд Аравиясынын мунайды экспорттоону кескин көбөйтүү планынын көз көрүнөө бузулушу чечүүчү факторго айланышы ыктымал.

The Wall Street Journal газетасы өз булактарына шилтеме кылуу менен Эр-Рияд сатып алуучуларды издөөдө кыйынчылык тартып, АКШ жана Европадагы мунайды кайра иштетүүчү заводдор демпингге карабастан мунайдын кошумча көлөмүн сатып алуудан баш тартып жатканын жазган.

Анан калса, саудиялыктардын Москвага каршы тымызын оюн Пекин бузгандай болду: WirtschaftsWoche немец басылмасы маалымдагандай, узап бараткан айда Кытай Россиядан мунайды рекорддук өлчөмдө — 1,6 миллион тонна сатып алган.

Ошентип мамлекеттик бюджети кертилген Сауд Аравиясынын башка аргасы жок. Эр-Рияд нукту өзгөртүүгө камынууда: батыш маалымат каражаттарынын саудиялык аткаминерлердин айткандарына таяна жарыялаган маалыматтарына караганда, ОПЕК уюмунун июнь айына белгиленген жыйынында күнүнө алты миллион баррелге чейин кыскартуу (мартта 3,6 миллион тууралуу кеп козголгон эле) талкууланат.

Бирок Россиясыз мунун маңызы жок. Эми маселенин баары Эр-Рияд менен Вашингтондун мунай согушун бүтүрүүгө Москвага эмне сунуштай турганында.

Жаңылыктар түрмөгү
0