Доллар менен евро кымбаттап бара жатат. Алтын ошол бойдон

© Sputnik / Михаил Кутузов / Медиабанкка өтүүДенежные купюры и монеты разных стран
Денежные купюры и монеты разных стран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Бишкектин акча алмаштыруу жайларындагы валюта курсун, алтын жана күйүүчү майга болгон бааларды сунуштайт.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Бишкекте доллар орто эсеп менен 1,5 сомго кымбаттады. Аны сатып алуу азыр — 82,3, сатуу — 83 сом болуп жатат.

Евро дагы андан калышпай, 3 сомго баасын көтөрүп алды. Сатып алуу — 94, сатуу — 86 сом. Рубль наркы бир сомдун тегерегинде (сатып алуу — 1,023, сатуу — 1.85 сом) кармалып турат.

денежные купюры разных стран - Sputnik Кыргызстан
Эл акчасын кайсы валюта менен сактаса болорун экономист айтып берди
Алтын куймаларынын жана күйүүчү майдын баасы дээрлик өзгөргөн жок. Нефтетрейдерлер АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литрин 38-39,5 сомго баалап жатат. Ал эми АИ-95тики 42-43 сомдон сатылууда.

Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден тарта 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 кг алтын соодаланган.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатпастан, аны сатып да алат. Бааны алар өздөрү Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0