“Акун” компаниясы ун өндүрүүнү токтотту. Себеби

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевАкун компаниясынын продукциялары. Архив
Акун компаниясынын продукциялары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компаниядан билдиришкендей, кызматкерлер блокпосттордон өтө албай жатышат. Себеби аларга өткөрүү кагазы али бериле элек.

БИШКЕК, 2-апр. – Sputnik. Кыргызстандагы “Акун” ири компаниясы Бишкектеги ун чыгарган “Акун” жана “Бишкек ун комбинатынын” ишин токтотууга аргасыз болду. Бул тууралуу компаниянын PR-бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, өндүрүштүн кызматкерлери жолдорго коюлган блокпосттордон өтө албай жатышат. Бирок учурда ун өндүрүү иши токтогону менен кампаларда даяр продукт бар экенин ишканадан белгилешти.

“Өткөрүү кагазын (пропуск) алуу үчүн тийиштүү документтердин бардыгын бир жума мурда эле бергенбиз. Бирок уруксат кагазын ала алган жокпуз. Ал эми биз берген документтер жоголуп кеткенин комендатурадан айтышты”, - дешти “Акундан”.

Ошондой эле компаниядан билдиришкендей, учурда ун чыгаруу үчүн ылайыкталган аянтчанын баарында кебек жатат. Аны негизи фермерлер сатып алып келген. Бирок алар чектөөлөрдөн улам келе албай жатышат.

Комендант Бишкека Алмаз Орозалиев - Sputnik Кыргызстан
Бишкек коменданты шарты начарларга азык-түлүктөн жардам берилерин айтты
“Эгер өкмөт бул маселени тез арада чечпесе фермерлер чоң көгөйгө учурайт дагы, өлкөдө эттин баасы кымбаттайт”, - деп “Акундан” билдиришти.
Мындан сырткары, экинчи заводдо өндүрүш менен алектенген 15 адам өткөрүү кагазы жоктугунан ишке чыга албай отурушканы айтылды. Компания өкмөттөн бул маселени жеке көзөмөлүнө алууну суранууда.

Редакция кырдаалга түшүндүрмө берүүнү өтүнүп комендатуранын өкүлү Улан Жумаков кайрылганда ал комендатуранын расмий почтасына кат жөнөтүүнү сунуштады. Редакция аталган дарекке билдирүүсүн жиберди.

Жаңылыктар түрмөгү
0