Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө 12 млн. доллар бөлөт

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАКШ доллар купюралары. Архив
АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюмдун маалыматы боюнча, бул каражат Кыргызстандагы ыкчам аракеттеги бригаданын, оорукананын жана лабораториянын потенциалын бекемдегенге жардам берет.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк банк Кыргызстанга COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен күрөшүүгө 12,15 миллион доллар бөлүп берет. Бул туурасында эл аралык уюмдун расмий сайтында жазылды.

Ага ылайык, 2-апрелде Дүйнөлүк банк насыялык жеңилдиктер пакетинин алкагында өнүккөн өлкөлөргө коронавирус менен күрөшүүсүнө жардам кылуу үчүн 1,9 миллиард доллар бөлүүнү колдогон. Биринчи пакетте 25 өлкө бар. Жаңы долбоордо жалпысынан 40 мамлекет кирген.

"Дүйнөлүк банктын аткаруучу директорлорунун кеңеши дүйнөдөгү бардык өнүккөн мамлекеттерге COVID-19 вирусу менен күрөшүү үчүн тез арада жардам берүү операцияларынын биринчи пакетин бекитти. Долбоордогу 1,9 миллиард доллар 25 өлкөгө жардам болот", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Европа кеңешинен коронавирус менен күрөшүүгө жардам сурады
Сайттагы маалымат боюнча, Кыргызстанда бул сумма керектүү медициналык каражаттарды алганга, интенсивдүү терапия үчүн жабдыктарга ээ болууга жардам берет. Мунун арты менен ыкчам аракеттеги бригаданын, оорукананын жана лабораториянын потенциалы бекемделери айтылат.

Уюм жалпысынан 160 миллиард долларды мамлекеттерге 15 ай ичинде бөлөт. Анда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен гранттык каржылоону 11,3 миллион өлчөмүндө Тажикстан алган.

Буга чейин Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн 121 миллион долларга чукул каражат бөлгөнү маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0