Күнүмдүк акчага жашагандарга бийлик кантип жардам берет? Өкмөттүн жообу

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКиши шаарда азык-түлүк менен бара жатат. Архив
Киши шаарда азык-түлүк менен бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асрандиев азыркы учурда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан тамак-ашы жок калган адамдардын тизмеси түзүлүп, аларга эки жумага жетчүдөй азык-түлүк топтому жеткириле баштаганын айтты.

БИШКЕК, 7-апр.— Sputnik. Вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда күнүмдүк тапкан акчасына оокат кылгандарга бийлик кантип жардам берерин айтты.

Асрандиевдин билдиргенине караганда, аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам өткөн жумада эле бериле баштаган.

"Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен жөлөк пул алгандардан башка күнүмдүк тапкан акчасына жашаган көп киши бар экенин билебиз, алардын абалын түшүнүп жатабыз. Мындан улам азыркы учурда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан тамак-ашы жок калган адамдардын тизмеси түзүлүп, аларга эки жумага жетчүдөй азык-түлүк топтому жеткириле баштады. Каражат жергиликтүү бюджеттен жана ишкерлерден бөлүнүүдө", — деди Асрандиев.

Кыргызстандагы коронавирус

Бишкекте кайсы уюм-ишкана кандай график менен иштөөдө. Керектүү карта - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кайсы уюм-ишкана кандай график менен иштөөдө. Керектүү карта
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 228ге жетти. Анын ичинен төрт киши көз жумуп, 33ү ооруканадан айыгып чыкты. Арасында 16 медик вируска кабылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0