Улуттук банктын алтын куймаларынын баасы бүгүн рекорд койду

Жазылуу
Кыргызстандын Улуттук банкы дээрлик беш жылдан бери алтын куймаларын сатып келет. Ошондон бери алардын баасы бир топ өстү.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Бүгүн, 8-апрелде, Улуттук банктын алтын куймалары аларды сатуу жана сатып алуунун тарыхында рекорддук баага жетти.

Саясий серепчи Бакыт Бакетаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Бакетаев: алтынга басым жасап экономикалык каатчылыктын алдын алса болот
Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 кг алтын соодаланган.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатып гана тим болбостон, аны сатып да алат. Баа Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюлуп турат.

8-апрель күнкү баалар (10 граммдык куйманын баасы көрсөтүлгөн жок, анткени акыркы жолу бул өлчөмдөгү куйма 14-февралда сатылган):

  • 1 грамм — 6 013,5 сом;
  • 2 грамм — 10 909,5;
  • 5 грамм — 25 923;
  • 31,1 грамм (унция) — 157 628,5;
  • 100 грамм — 467 000.

Алтын куймаларын эң төмөнкү баасы 2016-жылдын 27-июлунда катталган:

  • 1 грамм — 3 633,5 сом;
  • 2 грамм — 6 154,5;
  • 5 грамм — 13 973,5;
  • 31,1 грамм (унций) — 81 381;
  • 100 грамм — 219 193,5.
Жаңылыктар түрмөгү
0