Мишустин пандемияга каршы ЕАЭБде иштелип чыккан чаралар тууралуу айтты

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүРоссиянын премьер-министри Михаил Мишустин
Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйын видеоконференция форматында өтүп жатат. Башкы тема — пандемия учурунда экономикалык стабилдүүлүктү камсыздоо.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Евразия экономикалык комиссиясы коронавирус менен күрөшүү жана экономиканы колдоо боюнча иш-чаралардын пакетин даярдап койгонун билдирди.

"Тийиштүү пакет ыкчам кабыл алынды. Анда бардык тармак камтылган", — деди Мишустин.

Кийин ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн алдында турган маселелерди санап берди:

  • Приоритеттүү маселе — ЕАЭБ мамлекеттериндеги жарандардын жашоосун, ден соолугун коргоо.
  • Санитардык-эпидемиологиялык жаатындагы кызматташууну күчөтүү. Ошондой эле илдеттин жугушун азайтуу;
  • Экинчи маселе — бирдиктүү рыноктун, айрыкча логистикалык инфраструктуранын азык-түлүк жеткирүү жаатындагы ишин камсыздоо.
  • Алдын ала консультация механизминин иши дагы маанилүү:
  • Убактылуу чектөөлөрдү киргизүү эки сутканын ичинде макулдашылышы керек;
  • Товар дефицити жаралган жагдайларга карата көмөк көрсөтүү, экономиканы колдоо каралган;
  • Биргеликте негативдүү факторлордун таасирин төмөндөтүп, дүйнөлүк рыноктогу белгисиздик кырдаалда иштөөгө үйрөнүү зарыл.

Эске салсак, жыйын видеоконференция форматында өтүп жатат. Башкы тема — пандемия учурунда экономикалык стабилдүүлүктү камсыздоо.

Жаңылыктар түрмөгү
0