Абылгазиев: ЕАЭБ эки ресурстун эсебинен кризис менен күрөшө алат

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕАЭБдин видеоконференциясына катышты.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕАЭБдин видеоконференциясына катышты.  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр эки фонд кризисти жеңүүгө гана эмес, макроэкономикалык кырдаалды калыбына келтирүүгө кол кабыш кылып, өз миссиясын аткарышы керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кризистен чыгып, анын кесепеттерин жоюуда Евразия өнүктүрүү банкы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ролун бекемдөө зарыл. Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди.

Жүк ташыган фура порттогу терминалда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев ЕАЭБдин жыйынында жүк ташуу маселесин көтөрдү
Эске салсак, жыйын видеоконференция форматында өтүп жатат. Башкы тема — пандемия шартында экономикалык стабилдүүлүктү сактап калуу.

Абылгазиев жыйын учурунда биринчи кезекте өнүктүрүү институттарынын — Евразия өнүктүрүү банкы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ролун бекемдөө керектигин белгиледи.

"Алар мүчө өлкөлөргө кризисти жеңүүгө гана эмес, макроэкономикалык кырдаалды калыбына келтирүүгө кол кабыш кылып, өз миссиясын аткарышы керек", — деди Абылгазиев.

Эске салсак, Евразия өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы 7 миллиард доллар болсо, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунуку — 8,5 миллиард доллар.

Жаңылыктар түрмөгү
0