Коронавирус Кыргызстанда азык-түлүктүн баасын кандай өзгөрттү? Инфографика

Жазылуу
Коронавирус пандемиясы башталган эки айдан бери Кыргызстанда тамак-аштын кайсынысы кымбаттаганына кызыгып көрдүк. Биринчи орунда эт турат экен.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда жана Бишкекте азык-түлүккө болгон баа кандай өзгөргөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары Улуттук статистика комитетинин сайтынан карап чыкты.

Кымбаттагандардын сап башында эт турат. Кой эти эки ай ичинде килограммына 38 сомго жогорулаган. Жылкы жана уй этине болгон баа дагы ордунда турган жок.

Биринчи сорттогу ундун бир килограммына 7 сом кошулду. Анткен менен чай менен сүттүн баасы ошол бойдон калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0