КР эл аралык уюмдардан кайсы мөөнөткө канча пайыздык насыя алды? Тизме

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева брифинг учурунда
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева брифинг учурунда  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин айтымында, өлкөдө дээрлик бардык бизнестин ишинин токтошу республикалык бюджетти аткарууга олуттуу таасирин тийгизүүдө.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү төмөндөп жатат, жыл аягында көлөмү 30 миллиард сомдон ашып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу финансы министри Бактыгүл Жээнбаева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө дээрлик бардык бизнестин токтошу республикалык бюджетти аткарууга олуттуу таасирин тийгизүүдө.

"Финансы министрлиги кырдаалды жакшыртуу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө. Биринчиден, министрлик бюджеттик каражатты үнөмдөө максатында бардык бюджеттик мекемелерди өз чыгымдарын дагы бир жолу кайра карап чыгууга чакырууда. Экинчиден, гранттарды жана төмөн пайыз менен узак мөөнөттөргө кредиттерди тартып келүү максатында эл аралык финансылык институттарга, донор өлкөлөргө кайрылууга туура келди. Алардын кредиттери биз үчүн алгылыктуу болуп саналат", — деди Жээнбаева.

Эл аралык фонддордон карыздан кутулуунун мөөнөтү:

  • Эл аралык валюта фонду — 10 жыл;
  • Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фонду —20 жыл;
  • Азия өнүктүрүү банкы —32 жыл;
  • Дүйнөлүк банк — 38 жыл.

Пайыздык чендери:

  • Эл аралык валюта фонду — 0,7 пайыз;
  • Дүйнөлүк банктыкы — 0,75 пайыз;
  • Азия өнүктүрүү банкы — 1 пайыз;

Берилген кредиттердин шарттарында ар кандай жеңилдетилген мөөнөттөр бар. Министр өкмөт тек гана жеңилдетилген кредиттерди тартып келбестен, аларды гранттары менен кошо да алып келип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0