Бюджет. Архивдик сүрөт

Бюджет 30 млрд. сомго эңшерилет. Чет өлкөдөн насыялар кандай шартта алынууда

368
(жаңыланган 11:55 13.04.2020)
Пандемиянын кесепетинен дүйнө мамлекеттеринин көпчүлүгүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы жагымсыз экономикалык жагдай жаралды.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Финансы министрлиги коронавирус пандемиясынан улам быйыл республикалык бюджетке 30 миллиард сомдон ашык акча түшпөй калат деген божомолун жарыялады.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө дээрлик бардык бизнес убактылуу токтоду. Бул жагдай республикалык бюджетти аткарууга олуттуу таасирин тийгизүүдө.

"Пандемиянын кесепеттери коомдук турмушубуздун бардык тармактарына терс таасирин тийгизүүдө. Натыйжада дүйнө мамлекеттеринин көпчүлүгүндө, анын ичинде биздин өлкөдө да жагымсыз экономикалык жагдай жаралды. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү боюнча төмөндөө процесси жүрүп жатат. Ошол эле убакта COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларга байланыштуу бюджеттин чыгашалары көбөйүшү мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам Финансы министрлиги кырдаалды жакшыртуу үчүн эл аралык финансы институттары менен донор өлкөлөрдүн гранттарын алуу боюнча макулдашуу болуп жатканын билдирди. Андан сырткары, эң төмөнкү пайыздык чен менен мүмкүн болушунча узагыраак мөөнөткө берилүүчү кредиттерди алуу боюнча иштер жасалууда

Карыздар төмөнкүдөй шарттар менен алынууда:

Эл аралык валюта фонду — 120,9 миллион доллар 0,7 пайыздык чен менен 10 жылга;

Азия өнүктүрүү банкы — 100 миллион доллар 1 пайыздык чен менен 32 жылга;

Дүйнөлүк банк — 12 миллион доллар 0,75 пайыздык чен менен 38 жыл.

Аталган кредиттердин шарттарында ар кандай жеңилдетилген мөөнөттөр бар экени белгиленет. Мындан сырткары, кредиттерге кошуп гранттар дагы алынып жатканы маалымдалды.

Каржылоо бюджетти колдоо, COVID-19 менен күрөшүү жана бизнести колдоо үчүн үч багытта жумшалат.

Учурда кыргыз өкмөтү сүйлөшүүлөрдү 15тен ашуун өнөктөштөр менен жүргүзүүдө.

368
Белгилер:
Финансы министрлиги, каржылык, кредит, грант, бюджет, колдоо
Тема боюнча
Асрандиев чет өлкөдөн алынган каражаттар эмнеге жумшалып жатканын айтты
Бишкектин жаңы конуштарында банктардын көчмө кассалары иштей баштады. Тизме
Дүйнөлүк экономика качан калыбына келет. Көңүл чөгөргөн божомол
Бизнес ассоциацияларынын улуттук биримдигинин төрагасы, экономист Искендер Шаршеев

Шаршеев: ишкерлик боюнча да жаңы көз караштар жаралууда

16
(жаңыланган 13:35 20.10.2020)
Бизнес ассоциацияларынын улуттук биримдигинин төрагасы, экономист Искендер Шаршеев 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда пайда болгон элдик кошуундар тууралуу пикирин билдирди.
Шаршеев: ишкерлик боюнча да жаңы көз караштар жаралууда

Митингдер учурунда өз ыктыяры менен чыгып ишкерликти коргоп берген элдик кошуундардын республика боюнча пайда болушу — бул феноменалдык көрүнүш. Мындай пикирин Искендер Шаршеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мезгилдин өтүшү менен бизнес тармагына да жаңы көз караштар жаралып жатат.

"Мурдагы башаламандыктарда көбүнесе чакан жана орто бизнес жабыркаса, бул ирет алар, тескерисинче, киреше тапты. Албетте, бул өз каалоосу менен чыгып аларды коргоп турган элдик кошуундардын аракети менен ишке ашты. Мындай кадам жалпы республикада жасалып, бир нече күн элдик кошуундардын бизнести коргоп бериши чоң үмүт жаратты. Алар деле жөнөкөй эле кыргызстандыктар, биздин катарыбызда жүргөн жаш балдар. Демек, бизнес деп эле талап-тоноп кетпей, алардын өсүшүнө шарт түзүү керектигин түшүнгөн муун өсүп келе жатат десек болот. Бул бир эле кыргызстандыктарды эмес, дүйнө элин таң калтыра турган феномен", — деди Шаршеев.

Экономист бизнесте алдын ала божомолдоо өтө татаал экендигин кошумчалады.

16
Белгилер:
ишкерлик, келечек, элдик кошуун, Искендер Шаршеев
Тема боюнча
Абдыров: акыркы саясий окуялар экономикага терс таасирин тийгизет
Европа биримдигинин желеги жана акча. Архив

Кыргызстан Европа биримдигинен каржылык жардам сурады

134
(жаңыланган 10:21 20.10.2020)
Министр ички саясий кырдаал тууралуу маалымат берип, өлкөдө легитимдүү бийлик орнотулганын белгилеген.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн алкагында Казакбаев Кыргызстандын бюджетин колдоого каржылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнгөн. Ошондой эле каржылык макулдашуулар долбоорлору боюнча кыргыз жана европа тараптын жолугушуусун уюштурууну сунуштаган.

Кыргызстандын тышкы карызы тездик менен өсүүдө. Инфографика

Аны менен катар ТИМ башчысы ички саясий кырдаал тууралуу маалымат берип, учурда өлкөдө абал турукташканын, саясий процесстер укуктук талаага кайтарылып, легитимдүү бийлик орногонун, аткаруу органдары штаттык режимде иштеп жатканын белгилеген.

134
Белгилер:
Кыргызстан, каржылык, Европа биримдиги, Руслан Казакбаев
Тема боюнча
Өлкөдө бюджет тартыштыгынан айрым чыгымдар токтотулат
ТИМ башчысы Руслан Казакбаев Россиянын элчисин кабыл алды. Эмне талкууланды
Нариман Түлеев пресс-конференция учурунда

Нариман Түлеев Бишкек мэриясын жетектемей болду

46
(жаңыланган 15:14 20.10.2020)
Нариман Түлеев 2008-2010-жылдары борбор калаанын мэри болуп иштеген. Бүгүн эртең менен ал биринчи вице-мэр болуп дайындалды.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткармай болду.

Эске салсак, бүгүн, 20-октябрда, Түлеев биринчи вице-мэр болуп дайындалган. Кийинчерээк Суракматов мэрлик кызматтан кетип жатканын билдирген. Буга байланыштуу мэрдин милдетин Түлеев аткармай болду.

Белгилей кетсек, мэрди шаардык кеңеш шайлайт. Талапкерлерди фракциялар менен көпчүлүк коалиция, ошондой эле премьер-министр сунуштай алат.

Түлеевдин иши

Мурдагы мэр жана ЖКнын экс-депутатына 2012-жылы коррупция боюнча кине тагылган. Кылмыш иши Кытайдан автобустарды сатып алууда, ошондой эле 200 миллион сомдук муниципалдык облигация чыгарууда мыйзамсыз аракеттерден улам козголгон. 2013-жылы Ленин райондук соту мүлкүн конфискациялоо менен Түлеевди 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын декабрында Бишкек шаардык соту ал өкүмдү күчүндө калтырып, ал эми туура бир жылдан соң Жогорку соттун коллегиясы да ушундай эле өкүм чыгарган. Нариман Түлеев мамлекеттик казынага 60 миллион сом кайтарып берип, 2016-жылдын май айында эркиндикке чыккан.

46
Белгилер:
Бишкек, мэр, Нариман Түлеев
Тема боюнча
Бишкек мэри Азиз Суракматовдун маалымат жыйыны. Видео
Азиз Суракматов мэрлик кызматтан эмнеге кеткенин түшүндүрдү