Мунай платформасы. Архив

Мунай мунасасы: мындан аркы кадамдар кандай болот?

219
(жаңыланган 15:18 14.04.2020)
Мунай өндүрүшүн кыскартуу боюнча ОПЕК+ саммитинин алкагында түзүлгөн келишим коронавирустун айынан нефтиге болгон суроо-талаптын төмөндөшүн компенсациялай албайт.

Демек, бааны кайра калыбына келтирүүгө да таасир этиши күмөн. Ошентсе да бул макулдашуу болбосо, мунай рыногу кейиштүү кырдаалга кептелмек. Ушундай пикирлери менен серепчи Иван Данилов бөлүштү.

Америкалык таасирдүү Goldman Sachs банкы белгилегендей, коронавирус капсалаңы апрель жана май айларында суроо-талапты күнүнө 19 миллионго ылдыйлатат. Бул туурасында банктын маалыматына таяна британдык The Guardian басылмасы жазып чыкты. Эгер кен казуулар боюнча "эртең макулдашылган күндө да мунай сактагычтар толо баштаган жакынкы апталарда бааны түшүрбөй кармап туруу үчүн баары бир аябай аз же кечиккен чара болуп эсептелет".

Америкалык банкирлердин баасы салыштырмалуу оптимисттик болгонун белгилей кеткен оң: алар мунай казуунун 15 миллион баррелге азайтылышы жана катаал карантиндик чаралар суроо-талапты болгону 19 миллион баррелге төмөндөтөт деген ой менен жогоруда айтылгандай эсептешкен. Антсе да башка эсептерде 20-25 миллион баррелден кеп козголот.

Өзүнүн масштабдуулугу жана жаңылыктар түрмөгүндө алган ордуна карабастан ОПЕК+ келишими мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн бюджеттик кирешеси жана учурдагы бааны колдоо гана эмес, келечекке, башкача айтканда, пандемиядан кийин экономикалык кайра калыптандыруу маалына багытталган абдан татаал компромисс.

ОПЕК+ келишиминин алкагында макулдашылган, G20 саммитинде колдоого алынган чаралардын ыкчам натыйжалары дал ушундай "келечекти мээлөө" менен рыноктордун токтоо реакциясын жана салкын кандуу күтүшүн түшүндүрүүгө болот. "План (ОПЕК+) баанын дагы ылдыйлашын алдын алууга жетишерлик, бирок наркты жогорулатууга жетишсиз болушу мүмкүн", — деп билдирет IHS Markit агенттигинин энергетикалык рыноктор аналитиги Маршал Стивз. MarketWatch америкалык каржылык басылмасында жарыяланган анын баасы боюнча бул келишим — утулуш да, "дабаа" да эмес.

ОПЕК+ макулдашуусу жакынкы жумаларга же айларга эмес, келечекке багытталганы жөнүндө виртуалдык саммиттен кийинки жасалган расмий билдирүүнүн башкы пунктунда жазылган.

"Жолугушуунун катышуучулары быйыл 1-майдан тарта жалпы мунай өндүрүшүн суткасына 10,0 миллион баррелге азайтууну 2020-жылдын 30-июнуна чейинки эки ай аралыгында тууралоого макулдашышты. Келерки алты айлык, тагыраагы, 2020-жылдын 1-июлунан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында жалпы макулдашылган түзөтүү күнүнө 8,0 миллион баррелди түзөт. Андан кийинки 2021-жылдын 1-январынан тарта 2022-жылдын 30-апрелине чейинки 16 айлык мөөнөттө күнүнө 6,0 миллион баррелден оңдолот.

Түзөтүү эсебинин баштапкы көрсөткүчү базалык деңгээли бирдей, тагыраак, күнүнө 11,0 миллион баррелди түзгөн Сауд Аравиясы Королдугу жана Россия Федерациясынан тышкары, 2018-жылдын октябрындагы мунай казуу көлөмү болуп саналат. Макулдашуу 2022-жылдын 30-апрелине дейре иштейт, бирок аны узартуу маселеси 2021-жылдын декабрында каралмакчы".

Мунай рыногунун катышуучуларын алардын алдында кыска мөөнөттүү көйгөйлөрдөн кен казуучуларды куткарууга багытталган "аргасыз төмөндөтүүгө" эмес, мунай рыногунда узак мөөнөттүү таңсыктыкты жаратууга көндүрүүгө аракет көрүшүүдө. Бирок "таңсыктык" керектөөнүн көрсөткүчү эпидемияга чейинки деңгээлге чукулдаганда гана активдешет.

Келишимдин бузулуп калышы да ажеп эмес, анткени ОПЕК+ принципиалдуу позициясы өндүрүшчү өлкөлөрдүн эч бири жаркын мунайлуу келечекке "акысыз билет" ала албай турганында. Дал ошол себептен, саммиттин соңку резолюциясында мунай казуудагы бардык кыскартуулар Мексика (келишимди колдобогон жападан жалгыз өлкө) күнүнө 400 миң баррелге азайтуу боюнча макулдашууга кол койгондо гана күчүнө кирет.

Мунай өндүрүү. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Максим Богодвид
Бул дал принцип маселеси, себеби бир мунай казуучу өлкөнү, ал эң ири өндүрүшчү болбосо да уюмга мүчө болуудан бошотушса, анда ал ыдырайт: Сауд Аравиясы жана Россия биргеликте дүйнөлүк мунай казуунун 20 пайыздан бир аз ашыгыраагын көзөмөлдөйт жана "кыскартуулардын" баарын жалгыз көтөрө албайт, кен казуунун тийиштүү көлөмүн АКШ менен бөлүшкөн күндө да, баары бир жалпы дүйнөлүк мунай казуунун болжол менен үчтөн бир бөлүгүн гана "кыскартууга" туура келет. Муну мунай экспорттогон өлкөлөрдүн көбү, ички саясий көз караштардан улам ОПЕК+ келишимине расмий кол коюуга таптакыр мүмкүн болбогон мамлекеттер дагы түшүнүп турат. Маселен, "Рейтер" агенттиги мунай келишиминдеги Ослонун позициясы Батыш Европадагы эң ири мунай казуучу Норвегия ишембиде эгер ОПЕК+ келишими өз планын ишке ашырса, өлкө дагы да мунай өндүрүшүн кыскартуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын маалымдады. "Жолугушууда мен ОПЕК+ өлкөлөрү кен казууну кыскартуу боюнча макулдаша алышкан шартта Норвегия өзүнүн бир тараптуу мунай өндүрүшүн төмөндөтүүлөрүн карап чыгарын айттым", — деген бул мамлекеттин мунай жана энергетика министри Тина Бру.

Мексика ОПЕК+ келишимине каршы чыга алат, анткени бул өлкөнүн жагдайы мунай экспорттоочулардын арасынан уникалдуу болуп саналат: жыл сайын (бул белгилүү бир чыгымдарды талап кылат) Мексика каржы рынокторунда өз жылдык мунай экспортун камсыздандырат, ошондуктан эпидемия жана болжол менен быйылкы жылдын аягына чейин башка өндүрүшчүлөрдүн баа согушуна байланышкан нарк конъюнктурасын көз жаздымда калтыра алат.

Бирок Мехико келишимдин кол коюлушуна абдан кызыкдар Дональд Трампты тоготпой коё албайт. Анан да BBC Кошмо штаттардын президенти түштүк коңшусунун мунай өндүрүүнү кыскартуудан тарткан каржылык зыянын убактылуу өзүнө алууга даяр экенин, сөзмө-сөз келтирсек: "АКШ президенти Дональд Трамп "Мексикага тирденүүгө көмөгүн" сунуштаганын билдирди", – деп жазып чыкты. Ал Кошмо штаттар мунай өндүрүш көлөмүн кыскартат, ал эми Мексика анын ордун кийин "толуктап" берерин айткан. Келишим кабыл алынарына ынанбаганын кошумчалаган. "Биз бул боюнча иш алып баруудабыз. Менимче, жыйынтыгында баары жолго коюлат", — деген ал".

ОПЕК+ келишими кеминде эле АКШ тарабынан берилген "мексикалык сунуш" же Мексика үчүн, же ОПЕК+ башка мүчөлөрү үчүн ылайыксыз болуп калса, келишим кабыл алынбай калышы ыктымал.

Уюм тарабынан кен казуунун төмөндөтүү көлөмү баанын кыйсыпырга салчу деңгээлге түшүшүн алдын алуу үчүн, бирок америкалык сланецтик компанияларды банкротко учурата тургандай деңгээлде калтыруудан улам дал ушундай түрдө тандалганын эске алсак, ОПЕК+ расмий келишимине АКШнын катышпаганы деле америкалык сланецтик компанияларга жардам бербей турганын баса белгилей кеткен дурус.

Кошмо Штаттардын энергетика министри Дэн Бруйетт жума күнү: "Биздин эсеп боюнча АКШда кен казуу жылдын аягына карата күнүнө дээрлик эки миллион баррелге кыскарат. Айрым үлгүлөр андан да таасирдүү сандарды, мисалы, күнүнө үч миллион баррелге чейин көрсөтүүдө", – деди.

Мүмкүн америкалыктарга кыскартуу ОПЕК+ келишими тарабынан эмес, "рыноктон" таңуулаганына ишенүү жеңил болор, бирок кесепеттери мындан өзгөрүп кетпейт.

Бирок жалпысынан, мунай баасынын андан аркы эволюциясы азыркы тапта пандемияга каршы күрөшүп жаткандардын колунда: ал канчалык ыкчам аяктаса, баа ошончолук тез калыбына келет. Албетте, Мексиканын жетекчилигинин өжөрлүгү дагы да анык роль ойноп калышы ыктымал. Бирок ОПЕК+ форматындагы ири мунай альянсынын өкүлдөрүнүн колунан келчү иш жасалды, ушул таптагы жыйынтыкты деле дүйнөлүк мунай дипломатиясындагы эң чоң жетишкендик катары саноого болот.

219
Белгилер:
ОПЕК, АКШ, Россия, келишим, нефть, Мунай
Тема боюнча
Россияда COVID-19ду дарылоочу жаңы дары чыгарылды
АКШ коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү алууга камынууда
COVID-19дан кийин экономикасын тез калыбына келтирет деген 5 өлкө. Тизме
Жумушчу алтын куйманы ороп жатат. Архив

Алтын сатылбайт, эски акчалар алмаштырылбайт. Улуттук банктагы өзгөрүүлөр

311
(жаңыланган 18:17 08.07.2020)
Улуттук банк койгон чектөөлөр өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин болорун айтты. Кырдаал оңолгондо иштер кайра жанданмакчы.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Улуттук банктын алтын куймаларын сатууну токтоткону аталган ведомствонун сайтында кабарланды.

Бул чечим Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам кабыл алынган.

"COVID-19дун таралуусун азайтуу максатында Улуттук банк эскирип калган акчаларды алмаштырууну жана алтын куймалары менен нумизматикалык баалуулуктарды сатууну убактылуу токтотот. Бул иштер өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшыргандан кийин кайра улантылат", — деп айтылган маалыматта.

Sputnik агенттигинин "алтын куймаларын Улуттук банк сатып албай калдыбы?" деген суроосуна ведомствонун маалымат кызматы сатып алуу жана сатуу "абал турукташмайынча" болбой турганын билдирди.

Кыргызстанда алтын менен акча табууга болобу? Кеңири саресеп

311
Белгилер:
эпидемия, алмаштыруу, акча, алтын куймалары, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстанда алтындын запасы 2,6 млрд сомго азайды
Банктарга жана финансы уюмдарына жасалчу инспектордук текшерүү токтотулду
Акча. Архивдик сурөт

Мигранттар которгон акчанын көлөмү май айында кескин өстү

135
(жаңыланган 09:13 08.07.2020)
Майдагы акча которуу быйылкы жылдын мыкты көрсөткүчү. Анткени ага чейин сырттагы мекендештерден бир айда 76,3 миллион доллардан 165,1 миллион долларга чейин акча келген.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын май айында мигранттар Кыргызстанга 165,3 миллион доллар жөнөттү. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Алар акчаларын атайын система аркылуу жөнөтүшкөн.

Төрт жылдан берки начар көрсөткүч. Мигранттар которгон каражат айтылды

Майдагы акча которуу быйылкы жылдын мыкты көрсөткүчү. Анткени ага чейин сырттагы мекендештерден бир айда 76,3 миллион доллардан (апрель айы) баштап, 165,1 миллион долларга чейин (февраль айында) акча келген.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын май айында чет жактагы мигранттар 194,3 миллион доллар которушкан.

135
Белгилер:
Акча которуулар, Мигрант, Кыргызстан
Тема боюнча
Банктарга жана финансы уюмдарына жасалчу инспектордук текшерүү токтотулду
Жыл башынан бери мамлекеттик карызды төлөөгө канча акча жумшалды
Сазыков: алты айдын жыйынтыгы менен 5 млрд. сом салык чогулбай калды
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери текшерүү пунктунда турушат. Архив

Баткен карантин режимин күчөтүп, облуска кирип-чыгууга тыюу салды. Тизме

0
(жаңыланган 19:46 08.07.2020)
Жаңы эрежелерге ылайык, облустар аралык жүргүнчү ташыган автобус жана такси кызматынын иши токтотулат.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Баткен облустук штабында акыркы кырдаал талкууланып, коронавирустун жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында дагы бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Ага ылайык, облус өз алдынча обочолонуп, жарандардын кирип-чыгуусуна толугу менен тыюу салынды.

Чектөөлөрдүн тизмеси:

  • 10-июлдан тарта Баткен облусу менен Бишкек, Ош шаарларынын жана башка облустарынын ортосундагы коомдук транспорт жана жеке такси кызматтары токтотулат;
  • Санитардык карантиндик посттордун иши күчөтүлөт. Жарандардын негизсиз башка аймактарга чыгуусуна жол берилбейт;
  • Азык-түлүк, тамак-аш, курулуш материалдарын ташыган оор жүк ташуучу унааларга гана облуска кирүүгө уруксат берилет. Жүктүн мыйзамдуулугун салык кызматы көзөмөлгө алат. Ошол эле учурда бул унаалар жүргүнчү ташыбашы керек;

Ферганадан Баткенге гуманитардык жардам келди

  • Жаратылышка эс алууга чыгууга тыюу салынат;
  • Той-мааракелерди өткөрбөө боюнча кабыл алынган чектөөлөргө баш ийбегендерге катуу чара көрүлөт;
  • Дары-дармек, тамак-аш азыктарынын баасын кымбаттаткан тараптарга катуу чара көрүлөт;
  • Өлкөнүн башка аймактарына дарыланууга барчу жарандар дарыгердин жолдомосу менен облустан чыга алат;
  • Облустун аймагындагы мал базарлар бир жумада бир күн гана иштөөсү белгиленет.
0
Белгилер:
токтотуу, такси, тыюу салуу, чектөө, Баткен
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Ошто мечиттер жабылып, базарлар бир жумада эки күн тазаланат. Жаңы эрежелер
Жалал-Абад мэриясы жума намазга, той-аштарга чектөө киргизди