Бишкекте үч өнөр жай ишканасы иштей баштады

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүНевинномысский радиаторный завод
Невинномысский радиаторный завод - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийликтин айтканына караганда, үч мекемеде тең кызматкерлер коронавирус жуктуруп албашы үчүн катуу чаралар көрүлүүдө.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкекте өнөр жай багытындагы үч ишкана иштей баштады. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ведомство жетекчиси Эмил Осмонбетов "Бишкек штамптоочу заводун", "Пейванд" ЖСКсын жана "Автомаш-Радиатор" заводдорун кыдырды.

"Автомаш-Радиатор" машина куруу үчүн тетиктерди чыгарат. Анда 580 кыргызстандык иштейт. Негизги сырьё жана материалдарды Кытайдан алып келет. Завод кошумча 200 жумушчу алды. Анын жез буюмдарды чыгаруу боюнча токтоп турган цехи ишке кирди.

Кызматкерлерди кызматтык жеке автолордо ташуу чечими кабыл алынды. Бардык коопсуздук чаралары сакталууда.

"Бишкек штамптоочу заводунун" 200 жумушчусу 13-апрель күнү ишке чыкты. Аларды жумушка ташуу боюнча транспорт уюштурулду. Завод XX кылымдын 30-жылдары Луганск шаарында өнөр жай ишканалары үчүн станокторду чыгарчу. 1941-жылы Фрунзеге көчүрүлүп келген.

Ал эми "Пейванд" ЖЧКсы суткасына 100 миң медициналык маска өндүрөрү айтылды.

Вице-премьер-министр КР Эркин Асрандиев - Sputnik Кыргызстан
Асрандиев: бизнестин айрым түрлөрүн жандандырганы жатабыз
Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 430 учур катталып, 71 киши илдеттен сакайып кетти. Ал эми беш киши көз жумду.

Өзгөчө абал режими төрт шаарда жана төрт райондо 30-апрелге чейин уланмай болду.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0