Жээнбеков: чектөө чаралары ЕАЭБде "экономикалык обочолонууга" айланбашы керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочая встреча членов ВЕЭС в формате видеоконференции
Рабочая встреча членов ВЕЭС в формате видеоконференции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 14-апрелде, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөлөрү видеоконференция форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышты.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Чектөө чаралары ЕАЭБдин ичинде "экономикалык обочолонууга" айланып кетпеши керек. Бул тууралуу КР президенти Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары катышкан онлайн-жолугушууда айтты.

Эске салсак, Жогорку Евразия экономикалык кеңештин коронавирус менен күрөшүү жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин экономикалык туруктуулугун колдоого багытталган жыйыны видеоконференция форматында өттү.

Сүйлөшүү учурунда Жээнбеков чек аралар жабылып, баары изоляцияда отурган шартта ЕАЭБ өлкөлөрү алгоритмде каралгандай бири-бирине "жашыл коридор" уюштуруп берүүсү керектигин баса белгиледи. Муну менен гуманитардык жүк, азык-түлүк жана медициналык каражаттар тоскоолдуксуз өтүп турат.

Мамлекет башчы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде тоскоолдуксуз жүрө алган товарлардын тизмесин аныктап алууну да сунуштады.

"Чектөө чаралары биримдиктин ичинде "экономикалык обочолонууга" айланбашы керек. ЕАЭБдин бирдиктүү рыногу тоскоолдуксуз, чектөөлөрсүз иштөөгө тийиш. Товарларды экспорттоого же импорттоого чектөөлөрдү киргизүү үчүнчү өлкөлөргө карата гана тийиштүү болот. Биримдикте элди негизги азык-түлүк товарлары менен камсыздоо үчүн бардык мүмкүнчүлүк бар. ЕАЭБ ичинде социалдык маанидеги товарларды өз ара соодалоого чектөөлөр киргизилбеши керек", — деди Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков принял вице-премьер-министра Эркина Асрандиева - Sputnik Кыргызстан
Жумушсуз калгандарга көңүл бургула. Жээнбеков Асрандиевге эскертти
Өлкө башчы социалдык маанилүү товарлардан бажы салыгын алып салуу керек деп эсептей турганын да айтты.

Өз кезегинде Россиянын президенти Владимир Путин социалдык маанилүү товарлардан бажы салыгын алып салуу же азайтуу маселеси боюнча дагы ойлонуу керектигин билдирди. Ошондой эле эпидемиядан көбүрөөк жапа чеккен аба транспорту, туризм, мейманкана бизнеси, көңүл ачуу тармагы, коомдук тамактануу жайлары, маданият жана спортту колдоо керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0