Фермер, дыйкандар жеңилдетилген насыяны кайдан кантип алса болот? 6 суроого жооп

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүМал чарбасындагы уйлар. Архив
Мал чарбасындагы уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңилдетилген насыялар кайсы банктарда, канча пайыз менен берилип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.

Өлкөдө "Айыл чарбасын каржылоо — 8" программасы ишке кирип, дыйкан, фермер жана айыл чарба жаатында ишкерлик кылгандарга жеңилдетилген насыя бериле баштады. Бул тууралуу 11-апрелдеги брифингде айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирген.

Жеңилдетилген насыяны канча пайыз менен кайсы банктардан алууга болот? Кандай документтер талап кылынат? Ушул жана башка суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттиги жооп издеди.

Суроолорубузга айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин финансы бөлүмүнүн башчысы Абдилашим Бекишев жана "Айыл банк" коммерциялык банкынын насыя берүү башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Касымбек уулу жооп беришти. Мындан сырткары, айрым маалыматтар РСК банкынын сайтынан алынды.

Насыя кимдерге берилет?

Жеңилдетилген насыя чакан жана ири айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө, ун чыгарган ишканаларга, айыл чарба азыктарын кайра иштеткендерге берилет. Бул программаны ишке ашырууга быйыл 6 миллиард 200 миллион сом бөлүнгөн. Азыркы учурда анын 665 миллион 500 миңи 1126 адамга берилди.

Насыянын суммасы

Насыя 150 миң сомдон 50 миллион сомго чейин берилет. Бирок ар бир категорияга ар башка сумма каралган.

"Фермер жана дыйкан" категориясы — чакан айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр, анын ичине жеке адамдар да кирет.

  • Насыянын суммасы — 150 миң сомдон 1 000 000 сомго чейин.
  • Алган каражатты алар өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбасы үчүн зарыл болгон материалдарды сатып алууга керектеши керек;

"Класстер" категориясы — ири айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр кирет.

  • Насыянын суммасы — 1 000 000 сомдон 10 000 000 сомго чейин.
  • Алган насыяны айыл чарба инфраструктурасын түптөө (малды кармоо шарттарын жакшыртуу, ресурстарды сактоо технологияларын жайылтуу, электр энергиясы менен жабдууну камсыздоо, тез курула турган кампаларды жабдуу) иштерине жумшоосу керек. Ошондой эле асыл тукумду жана үрөндү жаңылоо, көчөттөрдү, айыл чарба багытындагы жабдууларды сатып алууга керектеши зарыл;

"Кайра иштеп чыгуу" категориясы — тамак-аш азыктары жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары кирет.

  • Насыянын суммасы — 1 000 000 сомдон 50 000 000 сомго чейин.
  • Бул категориядагылар насыяны айыл чарба азыктарын кайра иштеп чыгууга, инфраструктураны жакшыртууга (суу менен камсыздоо, скважиналарды оңдоо жана электр энергиясын берүү), соода-логистикалык борборлорду түптөөгө жумшоо үчүн алышы керек;

Ун чыгарган ишканаларга жалпы жонунан 800 миллион сом каралган.

Насыя канча пайыз менен берилип жатат?

  • "Дыйкан, фермер" категориясына киргендерге 10 пайыз;
  • "Класстер" категориясына киргендерге 8 пайыз;
  • Айыл чарба азыктарын кайра иштеткендерге 6 пайыз;
  • Ун чыгарган ишканаларга 6 пайыз.

Насыя төлөө мөөнөтү

  • "Дыйкан, фермер" категориясына киргендер насыяны алган мөөнөттөн алты айдан кийин төлөй башташат. Башкача айтканда, алты ай кредиттик каникул. Андан соң үч жыл ичинде (36 ай) төлөп бүтүшү зарыл;
  • "Кластер" категориясына киргендер насыяны алган мөөнөттөн бир жылдан кийин төлөй башташат. Башкача айтканда, бир жыл кредиттик каникул. Андан соң үч жыл ичинде (36 ай) төлөп бүтүшү зарыл;
  • "Кайра иштеп чыгуу" категориясына киргендер насыяны алган мөөнөттөн бир жылдан кийин төлөй башташат. Башкача айтканда, бир жыл кредиттик каникул. Андан соң беш жыл ичинде (60 ай) төлөп бүтүшү зарыл;
  • Ун чыгаруу ишканалары насыяны алган мөөнөттөн алты айдан кийин төлөй башташат. Төлөп бүтүү мөөнөтү — бир жыл.

Жеңилдетилген насыяларды берчү банктар жана аларга бөлүнгөн каражат

  • "Айыл банк" — 2 миллиард 800 миллион сом;
  • РСК — 2 миллиард 800 миллион;
  • "Оптима банк" — 100 миллион;
  • КICB — 100 миллион;
  • "Бакай банк" — 350 миллион;
  • "Бай түшүм" — 50 миллион.

Кандай документтер талап кылынат?

  • Эгер жеке адам насыяны 150 миң сомго чейин ала турган болсо, анда жубайлардын жарандык паспорту, нике тууралуу күбөлүк, айыл өкмөтүнөн маалым кат;
  • Эгер ишкер насыяны 150 миң сомдон жогорку суммада алса, анда бул документтерге кошуп күрөөгө койчу мүлктүн документи да талап кылынат.
Жаңылыктар түрмөгү
0