Доллар менен евронун наркы жогорулады. 15-апрелге карата баа

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүДенежные купюры: доллары США, евро, рубли
Денежные купюры: доллары США, евро, рубли - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан Бишкектин акча алмаштыруу жайларындагы валюта курсун, алтын жана күйүүчү майга болгон бааларды сунуштайт.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Бишкекте доллар менен евронун баасы көтөрүлүп, алтын куймалары дагы бир аз кымбаттады.

АКШ акчасынын расмий курсу 63 тыйынга көтөрүлсө, коммерциялык банктарда бул көрсөткүч 84 тыйынга жетти. Учурда долларды сатып алуу — 79.29, сатуу — 79.99 сом.

Еврону сатып алуу — 84.07, ал эми сатуу — 89.79 сомго бааланып жатат. Анын расмий курсу 58 тыйынга, коммерциялык банктардагы баасы 1 сом 19 тыйын (сатып алуу) жана 29 тыйынга (сатуу) жогорулады.

Рубль наркы бир сомдон төмөн (сатып алуу — 1.065, сатуу — 1.115 сом) кармалып турат.

Бишкектин турак жайына газ берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жаратылыш газы кымбаттады. Себеби
Күйүүчү майдын баасы мурдагы бойдон. АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 38 сомдун тегерегинде, ал эми АИ-95 42 сомдон сатылууда.

Алтын куймаларынын бир граммы 188 сомго кымбаттады.

Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 кг алтын соодаланган.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатып гана тим болбостон, аны сатып да алат. Баа Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюлуп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0