Кыргызстандын банктары 46 миң адамдын кредит төлөө мөөнөтүн узартты

Жазылуу
Кырдаалга байланыштуу насыяларды төлөө мөөнөтүн үч айга жылдыруу жана айып пул алууга тыюу салуу каралган.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы банктарга 46 миң адамдан арыз түшүп, кредиттерди төлөө мөөнөтү үч айга узартылды. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев парламенттин жыйынында билдирди.

Айыл чарба ишкерманы трактор айдап иштеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министр: фермерлер жеңилдетилген насыя алуу үчүн кайрылса болот
Анын айтымында, мөөнөтү узартылган кредиттердин суммасы 52 миллиард сомду түзөт.

Эске салсак, Улуттук банк "Коронавируска байланыштуу каржы-насыялык ишмердүүлүктү жөнгө салуунун убактылуу эрежелери жөнүндө" токтом кабыл алган. Ага ылайык, коммерциялык банктарга ишкерлерге жеңилдик берүү боюнча тапшырмаларды берген. Муну менен бирге насыяларды төлөө мөөнөтүн бери дегенде үч айга жылдырып берүү жана убагында төлөй албай калган учурда айып пул алууга тыюу салуу каралган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0