Жалаа жаппасын! Акча алмаштыруу жайлары мыйзам жазган депутаттарга жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши Моссовет акча алмаштыруу бюродо турат. Архив
Киши Моссовет акча алмаштыруу бюродо турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлшат Асылбашева баштаган депутаттар акча алмаштыруу жайлары улуттук валютанын кунун кетирип жатат деген жүйө менен аларды жабууну демилгелеген.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. "Альянс" акча алмаштыруу жайлары ассоциациясынын жетекчисинин орун басары Думан Рыскулов бюролорду жабуу боюнча мыйзам долбооруна нааразычылыгын билдирип, демилгечилердин аргументин негизсиз деп сыпаттады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары акча алмаштыруу жайларын жабууга багытталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Эл өкүлдөрү менчик бюролор операциялар тууралуу маалыматты жашырып, валюта курсун негизсиз жогорулатып, мындай аракети менен сомдун кунун кетирет деген жүйө келтирген.

“Экономикалык кырдаалга жана баанын олку-солку болушуна бардык жактан бизди күнөөлөп, жалаа жаап жатышат. Алмаштыруу бюролору үчүн доллар 100 же 10 сом болобу, айырмасы жок. Маржанын (сатуу менен сатып алуудагы айырма — ред.) көлөмү баары бир беш тыйындан ашпайт”, — деди Рыскулов.

Ошондой эле ал эртең курс канча болорун жана бүрсүгүнү кайсы баада интервенция кыларын Улуттук банк гана чечерин белгиледи. Ал эми өзгөчө абал киргенден бери акча алмаштыруу жайлары иштебей турганын эскертти. 

Монеталар жана накталай акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
G7 Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн карыз төлөө мөөнөтүн жылдырууну колдоду
“Бирок азыркы курс өтө жаман шартта олку-солку болуп жатат. Бүгүн эртең менен бир банктан долларды сатып алуу 79,5 сом, ал эми сатуу 80,3 сом болуп турганын көрдүм. Ортодогу айырма дээрлик бир сом. Бул реэкспортчулар жана керектөөчүлөр үчүн аябай ыңгайсыздык жаратат. Негизи чек аралар жабылгандан кийин доллар арзандашы керек эле. Бизде азыр биринчи кезекте керектүү товарларды сатып алуу үчүн сом керек болуп жатпайбы”, — деп суроо салды Рыскулов.

Ошондой эле ал мыйзам долбоорунда өлкөдөгү инфляцияга акча алмаштыруу жайларын күнөөлүү кылып көрсөтүү акылга сыйбаган көрүнүш деп сыпаттады.

“Биздин ассоциацияда 350 акча алмаштыруу жайы бар, ал жакта 350-500 миллион сом айланат. Ал эми банктардын бир эле филиалында жарым миллиард сом бар, жада калса чакан банктарда дагы ошончо суммадагы акча айланып жүрөт. Эми байкап көрүңүз, кырдаалга ким таасир эте алат? 350 бюробу же бир филиалбы?” — деп таң калды ассоциациянын төрагасынын орун басары.

Рыскулов акча алмаштыруу жайлары Улуттук банкка күнүнө эки жолу курс боюнча отчёт берип, кечинде операциялар боюнча маалымат жөнөтө турганын айтты. Ошону менен катар эле маалыматтар Финансылык чалгындоо кызматына дагы түшүп турат. Мындан сырткары алар Соцфондго жана патентке акча төлөй турганын белгилейт.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын банктары 46 миң адамдын кредит төлөө мөөнөтүн узартты
“Бул мыйзам долбоору максатка ылайыксыз. Бизге туруксуз экономиканын кереги жок, курс 100 же үч сом болушун деле каалабайбыз, биз жөн гана иштегенге даярбыз. Ага кошуп жумуш орундарын да эске алышыбыз керек. Биздин 350 бюронун ар биринде орто эсеп менен төрт адам иштейт. Демек, 1500дөй адам жумушсуз калат. Алардын үй-бүлөсү эмне болот? Эгер жалпылап эсептегенде 5-6 миң адамдын кирешеси токтоп калып жатпайбы”, — деди Рыскулов.

Соңунда ассоциация Жогорку Кеңешке, президент менен өкмөттүн аппаратына дагы кат жолдой турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0