Быйылкы жылдын алгачкы эки айында КРден канча акча чыкты. Рекорддук көрсөткүч

© Фото / PixabayКурс доллара
Курс доллара - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кеп жылдын алгачкы эки айында сыртка которулган акчалар туурасында болуп жатат. Былтыркы жылдын ушул айларындагы сумма деле мындан кескин айырмаланган эмес.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Быйылкы жылдын январь, февраль айларында Кыргызстандан сыртка которулган акчалардын саны 74,9 миллион долларды түзгөндүгүн Улуттук банктын маалыматтарынан көрүүгө болот.

Кеп бул жерде акча которуу системасы аркылуу жеке тараптардын жиберген каражаты тууралуу болуп жатат.

Бир жүз доллар жана евро банкноталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Доллар менен евро кымбаттап, алтын куймалары арзандады
Бул 2005-жылдан тарта эсептей келгенде дээрлик рекорддук көрсөткүч болду.

Экинчи орунга 2019-жылдын январь-февраль айы чыгып, 74,8 миллион доллар болду.

Үчүнчү орунда 2018-жылдын алгачкы эки айы турат — 66 миллион долларды түзгөн.

Ал эми Кыргызстанга кирген акчаларды эсептей турган болсок, ушул жылдын январь айынан тарта 148,5 миллион доллар которулганын Улуттук банк билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0