Улуттук банктын имараты. Архивдик сүрөт

Акча алмаштыруу жайларын жабуу мыйзамы боюнча Улуттук банк комментарий берди

1042
(жаңыланган 13:19 17.04.2020)
Мыйзам долбоору Улуттук банк тарабынан демилгеленбегендиги, документти депутаттар иштеп чыкканы айтылат.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Улуттук банк акча алмаштыруу жайларын жабууну демилгелеген Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын мыйзам долбоору боюнча комментарий берди.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү акча алмаштыруу жайларын жабууга багытталган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыккан. Эл өкүлдөрү менчик бюролор операциялар тууралуу маалыматты жашырып, валюта курсун негизсиз жогорулатып, мындай аракети менен сомдун кунун кетирүүдө деген жүйө келтирген.

Sputnik Кыргызстан өлкөнүн башкы банкына кайрылып, бул демилге тууралуу пикирин сурады.

Улуттук банк тарабынан 2016-жылы алмаштыруу бюролору ишмердүүлүгү тууралуу күнүгө отчет бере турган автоматтык система иштелип чыккан. Бул система акча алмаштыруу жайларынын ишине көзөмөлдү жакшыртууга өбөлгө болгону айтылат. Мунун натыйжасында отчетунда коммерциялык банктар менен болгон операцияларын жашырып, толук маалымат бербеген фактылар аныкталган. Аларга карата мыйзам чегинде чара көрүлгөнү белгиленет.

“Валюта курсун коюу маселеси боюнча акча алмаштыруу бюролору валюта рыногунун башка катышуучулары сыяктуу эле сырткы жана ички факторлордун таасирине таянып чет элдик валютага суроо-талапты жаратат”, — деп жооп берди Улуттук банк.

Сурамжылоо

Акча алмаштыруу бюролорун жабуу демилгесин колдойсузбу?
  • Жабыш керек! Акча алмаштыруу жайларын банктарга салыштырмалуу көзөмөлдөө оор
    18.0% (57)
  • Мен каршымын. Валюта рыногунда атаандаштык болушу керек
    66.9% (212)
  • Азыр ишсиз отургандар ансыз да көп. Дагы башкаларды жумушсуз калтыруунун эмне кереги бар?
    10.7% (34)
  • Мага баары бир, менин киреше-чыгашамдын бардыгы сом менен
    4.4% (14)
Добуш бергендер: 317
Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында 15 ирет текшерүү жүрүгүзүлгөнүн кабарлашты. Анын жыйынтыгы менен 50 жазуу түрүндөгү эскертүү, сегиз оозеки эскертүү берилген, 10 бюронун лицензиясы убактылуу токтотулуп, бирөөнө айып салынган.

“Бул мыйзам долбоору Улуттук банк тарабынан демилгеленген эмес. Аны Жогорку Кеңештин депутаттары иштеп чыккан. Улуттук банктын кароосуна келип түшө элек. Расмий түрдө жиберилгенден кийин мыйзамдын нормаларына ылайык корутунду чыгарылат”, — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле Улуттук банк 2015-жылы акча алмаштыруу жайларын жабуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкканын эске салды. Бирок коомдук талкуунун, министрлик жана ведомстволор менен макулдашуунун натыйжасында башкы көзөмөл банктын демилгеси колдоо таппай калганы белгиленди.

Мурдараак акча алмаштыруу жайларында иштегендер да пикирин билдиришкен. Алар аталган мыйзам долбоору негизсиз экенин айтып, коюлган айыптоолордун баарына жооп берген.

1042
Белгилер:
демилге, сунуш, мыйзам, текшерүү, Акча алмаштыруу жайлар, Улуттук банк
Тема боюнча
Жалаа жаппасын! Акча алмаштыруу жайлары мыйзам жазган депутаттарга жооп берди
Доллар менен еврого кошулуп, алтын дагы кымбаттады. 17-апрелдеги баа
Нарын дарыясы. Архив

Кыргызстан Казакстанга эмнеге кошумча суу берип жатат? Түшүндүрмө

180
(жаңыланган 13:35 14.06.2021)
Дыйкандар суу тартыштыгын айтып, нааразычылык акцияларына чыгып жаткан учурда ЖМКларда Кыргызстан Казакстанга жайында кошумча суу берет деген маалыматтар тараган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Токтогул суу сактагычынан Казакстанга эмне себептен суу берилип жатканын түшүндүрүп берди.

Белгилей кетсек, Казакстандын жергиликтүү ЖМКлары өлкөнүн экология министринин сөзүнө таянып, бул жайда Кыргызстан менен Тажикстандан 645 миллион куб метр суу аларын жазууда.

Министрликтен билдиришкендей, ушул жылдын 2-мартында Нур-Султан шаарында, ал эми 11-мартында Ташкент шаарында электр энергиясы жаатында товар алмашуу боюнча тиешелүү министрликтердин ортосунда келишимдер түзүлгөн.

Ага ылайык, Казакстан марттан ноябрь айына чейин Кыргызстанга 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын берет. Ал эми Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат аларыбыз айтылган.

"Жалпы жонунан 1 650 миллион киловатт-саат электр энергиясын алабыз. Аны үч жылга бөлүп, ар бир жылдын июнь-август айларында 550 миллион киловатт-сааттан кайтарып беришибиз керек. Тагыраагы, жылына Казакстанга 300 миллион, Өзбекстанга 250 миллион киловатт-саат туура келет. Буга байланыштуу 1-июндан тарта коңшу өлкөгө электр энергиясынын буга чейин айтылган көлөмүн иштеп чыгууга суу берилип жатат", — деп айтылат түшүндүрмөдө.

Ошондой эле министрликтен келишимдин негизинде коңшу өлкөгө канча суу жөнөтүлсө, дал ошончо көлөмдө электр энергиясы алынарын кошумчалашты.

"Токтогул суу сактагычындагы суу ГЭСке гидротурбина аркылуу гана өтүп, электр энергиясы иштелип чыгат. Энергиянын ар бир киловатты каттоого алынат. Андан тышкары, суунун көлөмү тууралуу маалымат 2010-жылдан бери "Электр станциялары" ААКсынын сайтында жарыяланып келет. Суунун көлөмү ылдыйласа эле айрым жарандар сууну уурдап жатышат деп ойлошот. Бирок буга чейин эки ирет атайын комиссия ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда келип, суунун уурдалбаганына көзү жеткен", — дешти министрликтен.

Белгилей кетсек, быйыл дүйнө жүзүндө кургакчылык болуп жаткандыктан суу маселеси курчуй баштады.

180
Белгилер:
түшүндүрмө, электр энергиясы, ГЭС, Токтогул суу сактагычы, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан Өзбекстандан электр кубатын кандай шартта алып жатканы айтылды
Ун. Архив

Кыргызстан тышка сатууга тыюу сала турган азыктардын тизмеси

133
(жаңыланган 13:31 14.06.2021)
Бийлик мындай кадамга барууга бир нече себеп бар экенин айтты. Алардын арасында кургакчылык, кымбатчылык жана коронавирус пандемиясынын кесепети турат.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Өкмөт Кыргызстандагы айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ЕАЭБ биримдигинен тышкары чыгарууга жарым жылга тыюу салуу боюнча токтом долбоорун талкууга койду.

Документте чектөө быйылкы жылдын 8-июлунан тартып киргизилери айтылган.

Бул демилге Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине таандык.

"Токтом долбоору Кыргызстандын ички азык-түлүк рыногунда абалды турукташтыруу, айыл чарба товарларынын опурталдуу жетишсиздигин жана алардын бааларынын жогорулашын болтурбоо максатын көздөйт", — деп айтылат маалыматта.

Сыртка чыгарылбасын деген азыктар менен продукциялардын тизмеси:

  • буудай жана меслин;
  • жүгөрү;
  • арпа;
  • күрүч;
  • буудай уну;
  • өсүмдүк майы;
  • кумшекер;
  • жумуртка;
  • тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту).

Мындай кадамга барууга өкмөт бир нече себеп бар экенин айтты:

  • Казакстан тарабынан тирүү малдын экспортуна чектөөлөрдү коюу, Өзбекстанда мал чарбасын өнүктүрүү программасын ишке киргизүү менен байланыштуу жана мал жандыктарын өлкөнүн аймагынан массалык түрдө чыгарылгандыгы байкалган;
  • Кыргызстанда малды сырттан алып келүү кыскарган;
  • 2020-жылдын жазгы-күзгү талаа иштерин жүргүзүү жыйынтыгы менен айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттары азайып, айрым айыл чарба продукцияларынын өндүрүшү төмөндөгөн. Анын кесепетинен ички азык-түлүк рыногунда жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба товарларынын баасы 60-70 пайызга өсүп кеткен;
  • кыш мезгилинде кардын аз жаашы, жаздын кеч келиши 2021-жылдын жазгы талаа жумуштарынын айрым технологиялык процесстерин бузду. Кыргызметеорология кызматы жайдын кургакчыл болушун билдирүүдө. Айыл чарба өндүрүшүнө бул терс таасир берет;
  • коронавирус пандемиясынын күтүлүп жаткан толкунунун коркунучу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч алып келиши мүмкүн.
133
Белгилер:
чектөө, кымбаттоо, азык-түлүк, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан Түркияга Таласта төө буурчакты кайра иштеткен завод ачууну сунуштады
Өкмөт кумшекер, май, эт ташып келгендерди салыктан бошотууну сунуштады
Россияда көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш

Россиядагы көк бөрү турнирин Москва командасы утуп алды. Сүрөт

0
(жаңыланган 16:46 14.06.2021)
Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.

Баш байгеге Айтматовдун кубогу ойнотулуп, аны Москва командасы утуп алды.

  • Команды во время международного турнира по кок-бору в России на кубок Чингиза Айтматова. 14 июня 2021 года
    Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды
    © Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
  • Команда из Московской области  выигравшая международный турнир по кок-бору в России на кубок Чингиза Айтматова. 14 июня 2021 года
    Баш байгеге Айтматовдун кубогу ойнотулуп, аны Москва командасы утуп алды
    © Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
  • Команды во время международного турнира по кок-бору в России на кубок Чингиза Айтматова. 14 июня 2021 года
    Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты
    © Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
1 / 3
© Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды

Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты. Көк бөрүнүн маанисин эл аралык аренада көрсөтүп берүү үчүн Москва, Иркутск жана Подольск шаарларындагы командалардын ар бирине экиден кыргызстандык көк бөрүчү кошулуп ойноду.

Жарым финалда Подольск командасы "Атуул" (Кыргызстан) менен беттешип, 12:2 эсеби менен 3-орунду ээледи. Ал эми финалдык беттеште Москва облусунун командасы Иркутскинин улакчыларын 4:1 эсебинде утуп, баш байгеге ээ болду.

Мындан тышкары, Москва командасынан Бообек Шекербек уулу турнирдин мыкты оюнчусу, Иркутскинин "Бойка" аттуу аргымагы мыкты ат наамына татыды.

Сыйлоо аземине Көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Айбек Ажигулов жана Россия элдеринин ассамблеясынын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Назиржон Абдуганиев катышкан.

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция аталган турнирге катышуу үчүн 12 улакчыны Москвага жөнөткөн.

Белгилей кетсек, спорттук иш-чара Россия жана Евразия элдеринин "Русский мир" дене тарбия фестивалынын алкагында өткөрүлдү. Аны Спортту жана тынчтык маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча региондор аралык коомдук фонду, Россиянын Элдер ассамблеясы жана Кыргызстандын Көк бөрү улуттук федерациясы уюштурган.

0
Белгилер:
турнир, мелдеш, Көк бөрү, Россия
Тема боюнча
Россияда Айтматов атындагы эл аралык көк бөрү мелдеши башталды
"Русский мир" фестивалында көк бөрү мелдеши өтөт