Жээнбеков: стратегиялык өнүгүү багыттарын кайра карап, чечкиндүү реформа жасайлы

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алып, учурдагы макроэкономикалык кырдаал, постпандемиялык мезгилдин пландарын талкуулады
Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алып, учурдагы макроэкономикалык кырдаал, постпандемиялык мезгилдин пландарын талкуулады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент экономиканын ырааттуу, туруктуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн узак мөөнөттүү Экономикалык концепция иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алып, учурдагы макроэкономикалык кырдаал, постпандемиялык мезгилдин пландарын талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков принял вице-премьер-министра Эркина Асрандиева
Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алып, учурдагы макроэкономикалык кырдаал, постпандемиялык мезгилдин пландарын талкуулады - Sputnik Кыргызстан
1/2
Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алып, учурдагы макроэкономикалык кырдаал, постпандемиялык мезгилдин пландарын талкуулады
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВице-премьер-министр КР Эркин Асрандиев на встрече с президентом КР Сооронбаем Жээнбековым
Эркин Асрандиев бизнеске жеңилдетилген каржылоо шарттарын камтыган өзүнчө долбоорлор менен программалар иштелип чыгып жаткандыгын айтып берген. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Эркин Асрандиев бизнеске жеңилдетилген каржылоо шарттарын камтыган өзүнчө долбоорлор менен программалар иштелип чыгып жаткандыгын айтып берген.
1/2
Президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алып, учурдагы макроэкономикалык кырдаал, постпандемиялык мезгилдин пландарын талкуулады
2/2
Эркин Асрандиев бизнеске жеңилдетилген каржылоо шарттарын камтыган өзүнчө долбоорлор менен программалар иштелип чыгып жаткандыгын айтып берген.

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында ишкерликти колдоо боюнча чаралар тууралуу да кеп болгон.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынан улам түзүлгөн кыйын кырдаал күндөлүк турмуштун көп жактарына терс таасирин тийгизгенин белгилеген.

"Орто мөөнөттүү келечекке өлкөнүн стратегиялык өнүктүрүүнүн негизги багыттарын тууралап кайра карап чыгуу, түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен чечкиндүү реформаларды жүргүзүү зарыл", — деген ал.

Нью-Йорк фондалык биржада трейдер жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы бизнес кризиске туруштук бере алабы? Ишкерлердин ачык пикири
Постпандемиялык мезгилде атамекендик экономиканын ырааттуу, туруктуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн жакынкы жылдарга стратегиялык максаттар жана багыттар чагылдырылган узак мөөнөттүү экономикалык концепцияны иштеп чыгуу зарылдыгына көңүл бурган.

"Аталган концепция жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана заманбап чакырыктарга таянуу менен дүйнөдөгү жана региондогу кырдаалдын өнүгүшүн эске алуу менен иштелип чыгышы керек", — деген Жээнбеков.

Эркин Асрандиев бизнеске жеңилдетилген каржылоо шарттарын камтыган өзүнчө долбоорлор менен программалар иштелип жатканын айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0