Киши доллар купюраларды кармап турат. Архив

Карантин менен доллардын кымбатташы сомдун көбөйүшүн шарттады

316
Март айында доллар эки ирет кымбаттады. Биринчисинде 73 сом болсо, андан кийин 85 сомго чыкты. Өткөн айда өлкөнүн бир катар шаар, райондоруна өзгөчө абал киргизилип, андан бир катар мекемелер ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушкан.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. 1-апрелге карата Кыргызстанда өткөн айга караганда сомдун көлөмү өстү. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Эске салсак, март айында доллардын баасы эки ирет көтөрүлдү. Биринчисинде 73 сом болсо, андан кийин 85 сомго чыгып кеткен. Мындан сырткары, өткөн айда өлкөнүн бир катар шаар, райондоруна өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам көп мекемелер ишин токтотуп, жумушчуларын карантинге кое берген.

Айлануудагы акчанын көлөмү — 102,5 миллиард (марттын башында 2 миллиард 233,3 миллионго аз болчу).

Акча базасы — 112,2 миллиард (марттын башында 1 миллиард 748,8 миллионго аз болчу).

Кеңири колдонуудагы акча базасы — 124 миллиард сом (бир ай мурда 7 миллиард 150 миллион сомго аз болчу).

Терминдерге түшүндүрмө

Айлануудагы акча — бул элдин колундагы акча. Мында насыя берүүчү уюмдардын кассаларында калган акчалар да кошо эсептелет. Бул жерде сөз бир гана улуттук валюта — сом тууралуу болуп жатат. Чет элдик валюталар эсепке алынбайт.

Акча базасы — колдонуудагы акча жана каржы уюмдарынын резервдери.

Кеңири колдонуудагы акча базасы — колдонуудагы жана ага кошумча резервдеги бардык каражаттар (чет элдик валюта жана сом), Улуттук банктагы финансылык уюмдардын депозиттери.

316
Белгилер:
каражат, карантин, доллар, сом, Улуттук банк
Тема:
Кыргызстанда доллар кескин жогорулады (29)
Тема боюнча
Кыргызстан чет жактан 456,4 млн. доллар алмай болду. Кошумча дагы сурап жатат
Быйылкы жылдын алгачкы эки айында КРден канча акча чыкты. Рекорддук көрсөткүч
ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров. Архив

Пакыров: орто жана чакан бизнес өлкөдөгү инвестициялык абалдын күзгүсү

29
(жаңыланган 15:34 25.01.2021)
ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров сырткы инвестицияга гана көңүл бурбай ички инвестицияны да карап, чакан жана орто бизнеске маани берүү зарылдыгын билдирди.
Пакыров: орто жана чакан бизнес — өлкөдөгү инвестициялык абалдын күзгүсү

Ички ишкерлик өлкөнүн инвестициялык жүзү, андыктан чет элдик компаниялар ишкерлик рыногун байкап турушат. Мындай пикирин Фархат Пакыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чакан жана орто бизнеске көңүл буруп, бул багытта маанилүү аракеттерди көрүү керек.

"Кризис экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө алып келди. Ага өлкөдөгү саясий кырдаал да себеп. Буга карабастан ишкерлер жаңы долбоорлорду сунуштап, туура кадамдарды карап жатышат. Маселен, чакан жана орто бизнес — инвестициялык абалдын күзгүсү. Биз көп учурда сырткы инвесторлорго көңүл буруп, маселесин талкуулап, аларга багытталган иш-чараларды көп жасайбыз. Бирок ошол эле убакта ички инвестицияга маани бербей жатабыз," — деди Пакыров.

Ал, ошондой эле, өлкөдөгү саясий кырдаал инвесторлор менен иш алып барууда таасирин тийгизерин кошумчалады.

29
Белгилер:
инвестициялар, бизнес, Фархат Пакыров
Тема боюнча
Кыргызстанга кандай инвестициялар тартыла турганы айтылды
Поезд. Архив

Кыргыз өкмөтү Казакстанга электровоз поезддерин каттатууга камынууда. Долбоор

236
(жаңыланган 12:51 25.01.2021)
"Луговой — Балыкчы темир жол участогун электрлештирүү" долбоору 2023-2025-жылдары ишке ашыруу пландалууда.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү темир жол линияларын электрлештирип, Казакстанга кеткен тепловоздорду электровоз поезди менен алмаштырууну пландап жатат. Бул туурасында "2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө" өкмөттүн токтом долбоорунда жазылган.

Луговой — Балыкчы темир жол бөлүгү Кыргызстанды Казакстан жана башка өлкөлөр менен байланыштырган негизги транспорттук артерия болуп саналары белгиленет. Секция бир жолдуу, эксплуатациялык узундугу 321,5 чакырымды түзөт. Анын 60,3 чакырымы Казакстанга, 261,2 чакырымы Кыргызстанга туура келет. Луговой станциясы коңшу өлкөнүн Жамбыл облусунда жайгашкан.

"Луговой — Балыкчы участогун электрлештирүү долбоорун ишке ашыруу темир жол каттамынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ошондой эле отунга болгон көз карандылыкты жана айлана-чөйрөнүн булгануусун төмөндөтөт. Электрлештирүүгө жумшалган каражат эксплуатациялык чыгымдарды үнөмдөөнүн эсебинен төлөнөт. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жана темир жол участкасын электрификациялоону ишке ашырууга эл аралык каржы институттарын тартуу пландалууда", — деп жазылат токтом долбоорунда.

Луговой — Балыкчы участогу электр тартууга өткөндө жүк ташуучу, жүргүнчү ташуучу тепловоздор паркы электровоздор менен алмаштырылат.

"Ушуга байланыштуу атмосферага курамында көмүртек кычкылы, азот кычкылы, күкүрт кычкыл газы, көө жана башка зыяндуу заттардын чыгуу массасы 100 пайызга төмөндөйт. Трассанын жогорку курулмасындагы жана жолдогу майдын курамы азаят. Электр тартууга өткөндө ызы-чуунун деңгээли басаңдайт", — деп айтылат.

"Луговой — Балыкчы темир жол участогун электрлештирүү" долбоорун 2023-2025-жылдары ишке ашыруу пландалууда. Техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого каражат булагы табылганы айтылды. Ал эми долбоордун өзүн аткарууга "Кыргыз темир жолу" ишканасынын өздүк каражаты, насыялар жана инвестициялар менен алуу каралган.

236
Белгилер:
темир жол, поезд, тепловоз
Тема боюнча
Мукамбетов: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат
Кыргызстан — Казакстан — Россия темир жол каттамдарынын графиги түзүлдү
Орто-Сай базарындагы жайма базар. Архив

Күчүм жетпей жатат! Түлөбаев жайма базар боюнча УКМКга кайрылганын айтты

0
(жаңыланган 00:06 26.01.2021)
Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин соцтармакта сатуучунун мэрия кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев базардын айланасында товарларды жайып саткандар менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сураганын билдирди.

Ал бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевге кат жиберген.

Ошондой эле Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүшкө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин социалдык тармакта рейд учурунда сатуучунун мэриянын кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.

"Билем, саботаж кылып жатышат, айтканды укпай жатышат. Мындай да, тигиндей да айттык, болбой жатышат. Эки күн мурун Камчыбек Кыдыршаевичтин атына кат жибердим. Менин күчүм жетпей жатат, мага жардам бергиле дедим. Жайма базар менен күрөшүүгө топ жибериңиз деп өтүндүм. "Ош" базарынан, "Аламүдүн" базарынан акча чогултуп жаткан чагымчылдар тууралуу билебиз. Кат келеби, жокпу билбейм, биз катуу иштейбиз. Болду эми, жакшы эле кечириштик", — деди Түлөбаев.

Шаар башчысынын милдетин аткаруучу сатуучуларды базардын ичине кирип соода кылгыла деп айтып жатканын жана ал жакта орундар бар экенине ишендирди.

0
Белгилер:
жайма базар, мэр, Балбак Түлөбаев, УКМК, Бишкек
Тема боюнча
Садыр Жапаров мэр Балбак Түлөбаевге эки тапшырма берди