Камсыздандыруу төгүмү боюнча отчёт берүү мөөнөтү узартылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыз акчаны санап жаткан убакытта. Архив
Кыз акчаны санап жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чаралар коронавирус илдетин жайылтпоо үчүн киргизилген чектөөлөр учурунда экономикалык субъектилерге колдоо көрсөтүү максатында жасалып жатат.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Камсыздандыруу төгүмүн төлөөчүлөр отчётту 2020-жылдын 1-июлуна чейин берсе болот. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 31-майына чейинки отчёттук мезгил учурунда төлөнбөй калган каражат үчүн туум эсептелбейт.

Долларовые купюры в обменном пункте - Sputnik Кыргызстан
Нефтинин баасы түштү, доллар менен евронун абалы кандай? 21-апрелдеги баа
Бул чаралар коронавирус илдетин жайылтпоо үчүн киргизилген чектөөлөр учурунда экономикалык субъектилерге колдоо көрсөтүү максатында жасалып жатат.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Мындан тышкары Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0