Алма, балык, чай. Кымбат сатууга тыюу салынган азыктардын тизмеси кеңейди

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүСупермаркеттин ишкери жумуш учурунда. Архив
Супермаркеттин ишкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 11 азык-түлүктүн орточо баасын бекиткен.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Элге эң керек делген жана кымбат сатууга болбой турган азык-түлүктөрдүн тизмеси дагы кеңейет. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров маалымат жыйын учурунда айтты.

Эске салсак, өлкөдө коронавирус пайда болгондон кийин Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 11 азык-түлүккө орточо баа бекиткен. Бул тизмедеги тамак-ашты бекиткен баадан жогору сатууга болбойт.

"Өкмөт дагы бир катар азык-түлүккө орточо баа бекитүү боюнча чечим чыгарып, тизмеге балык, чай, туз, гречка, буудай, пияз, сабиз, бадыраң, помидор, сарымсак, алма кирди. Дагы такталып жатат. Жакын арада аталган азык-түлүктөрдүн ар бирине орточо баа бекитебиз", — деди ал.

Супермакеттеги кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда үч негизги азыктын кымбатташына уруксат берилди. Тизме
Ал Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги орточо баасын бекиткен товарларды кымбат саткандарга айып пул салынып жатканын айтты, жеке адамдарга 10 миң, юридикалык жактарга 28 миң сом айып салынарын эскертти.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Мындан тышкары Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0